Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Ардактуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ислам дини кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана биримдиктин дини. Андыктан, мусулман коомчулугундагы майрамдар да адамдар ортосундагы жакшы […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерин Азербайжандын
Бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Жолугушууга ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты. Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселеси талкууланды. Эскерте […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XIII пленардык отурумуна катышты. “Түрк дүйнөсү үчүн жашыл горизонттор: жашыл күн тартибине жетишүүдө парламенттердин ролу” аталышында өткөрүлгөн отурумда Төрага Нурланбек Шакиев кеңири баяндама жасады. Тагыраагы, талкууланып жаткан тема абдан актуалдуу экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Жашыл күн […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жыйынына катышты. Парламенттин билдиришкендей, жыйында төрага Шакиев боордош өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышынын учурдагы абалына токтолду. “Мамлекеттер ортосундагы мамилени өнүктүрүүдө мыйзам чыгаруу органдары маанилүү роль ойноп, айрыкча ТүркПА конструктивдүү жана ачык сүйлөшүүлөрдү калыптандырууда барандуу салым кошуп келет”, – деди […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду. Алгач төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын апрель айындагы президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары эки […]Читать далее
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында Физули шаарына барды. Алгач төрага аталган шаардагы эл аралык макамга ээ аба майданы менен таанышты. Алсак, саатына 200 адамды тейлеген аба майдан сегиз ай аралыгында курулган. Учактардын учуп-конуу тилкесинин узундугу 3000 метрди түзүп, аба майдан керектүү заманбап шарттар менен жабдылган. […]Читать далее
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорунун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды. Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков талапкерди өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн бардык күч-аракетин […]Читать далее
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан […]Читать далее
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарындагы улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, залкар калемгерди эскеришти. Эки өлкө ортосундагы бир туугандыктын, достуктун жана биримдиктин символу катары Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн эстелик президент Садыр Жапаровдун Азербайжандагы мамлекеттик сапары учурунда ачылган. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышкан. […]Читать далее
Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Төрайым Сагиба Гафарованын коштоосунда Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач Төрагага жыйындар өтчү залдарды көрсөтүп чыккан Милли Межлистин Төрайымы Сагиба Гафарова өзү жетектеген мыйзам чыгаруу органын иши тууралуу маалымат берди. Андан соң Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырып, анда расмий сапарынын башкы […]Читать далее