Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-апрелдеги жыйында 2025-2026-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин) даярдыгы боюнча Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматын укту. Анда негизинен 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жана илимий багыттагы лабораторияларды ачуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу баяндама жасалды. […]Читать далее
Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө
Жогорку Кеңештин жыйынында 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду. Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ал прокурордук чара көрүү, жарандардын […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушууга Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышты. Баарлашууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болду. Ошондой эле аймактагы беш […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты. Жыйында Ѳзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев баяндама жасап, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду. Буга чейин аталган жыйында Жогорку Кеңештин Төрагасы да сөз сүйлөп, глобалдык кыйынчылыктар, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү парламенттерге кошумча жоопкерчилик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин кезектеги жыйындарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Пакистан өлкөсү менен эки […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясында баяндама жасады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты. Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарада баяндама жасаган Төрага Парламенттер аралык бирлик узак жылдардан бери глобалдык маселелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келе жатканын белгиледи. “Кезектеги 150-маарекелик ассамблеяда учурдун эң маанилүү маселелеринин бири саналган социалдык өнүгүүнү жана […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) катчылыгынын жетекчиси Сергей Поспеловду кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда май айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынынын программасы талкууланып, карала турган маселелердин долбоорлору тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттер менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары убактылуу мурдагы өкмөттүн имаратында жыйын өткөрүп турушат. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү бул Ак үйдүн имаратында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экенин билдирди.Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилүү журналист, коомдук ишмер Шайырбек Абдырахман уулун кабыл алды. Жолугушууда Төрага социалдык тармактар аркылуу Манас баштаган кыргыздын көөнөрбөс мурастарын жайылтып, аудио китептерди даярдап жаткан Шайырбек Абдырахман уулун өзү жолугушууга чакырганын белгилеп, анын жүргүзүп жаткан ишине жогору баасын берди. “Азыр чындыгында үңүлө түшүп китеп окугандар аз. Андыктан, учурдагы жагдайга ылайыктап, […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевге Бишкек шаарындагы тейлөө кызматтарынын баасын көзөмөлдөө тапшырмасын берди. “Кыргызстанда, анын ичинен борбордо тейлөө кызматтарынын баалары өтө кымбаттап кетти. Алсак, кафе, ресторан, чач тарач, такси баштаган тейлөө кызматтарынын наркы өтө жогору. Силер ушул жагдайга бир сыйра мониторинг жасап чыгышыңар керек. Азыр […]Читать далее