Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту. Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге […]Читать далее
КР ЖК депутаттары бир күндүк эмгек акысын Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан палестина элине материалдык жардам катары которот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынды.Читать далее
Бүгүн, 23-октябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов тааныштырды. Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касмалиев баштаган министрлер жана тиешелүү тармактык жетекчилер катышты. Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата
Төрага Нурланбек Шакиев агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты. Майрамдын алкагында “АгроТехЭкспо-2023” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү. Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап: “Калкыбыздын жашоо турмушу айыл чарбасына тыгыз байланышкан. Себеби, элибиздин дээрлик 65%дан ашыгы элет жеринде жашап, дыйканчылык […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Ак-Талаа районундагы социалдык мекемелердин абалынан кабар алды
Алгач Төрага Нурланбек Шакиев Тоголок Молдо айылында жайгашкан Ж.Сатылганов атындагы орто мектептин жана андагы бала бакчанын абалы менен таанышты. 1988-жылы курулган окуу имараты азыркы тапта эскирип, талапка жооп бербей калган. Андыктан, жергиликтүү тургундардын башкы талабы мектепти толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү. Төрага Нурланбек Шакиев тиешелүү жетекчилерге кийинки жылы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин планга киргизүүнү табыштап: […]Читать далее
Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага улуу акындын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, Жумгал жергеси эзелтен таланттарга бай экенин белгиледи. […]Читать далее
Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Байзак айылында курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды. 120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 млн сомдон ашуун каражат каралган. Капсула салуу аземинин алкагында айыл тургундары менен да жолугушкан Төрага: “Келечек ээлерине алгачкы […]Читать далее
Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Алсак, 360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу билим алат. Окуу имаратындагы негизги көйгөй жылытуу системасынын начардыгы. Анткени, мындан […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору карап, үч окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча маалыматты коргоо министринин орун […]Читать далее