Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкөнүн туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды. Комитеттин жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев да катышты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана […]Читать далее
Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Алсак, аталган Ассамблеяга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан […]Читать далее
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө. Алсак, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 18-декабрь – Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Парламенттен билдиришкендей, төмөндө кайрылуунун текстти: “Урматтуу мекендештер! Эгемендүүлүк биздин бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Аны көздүн карегиндей сактоо, улут катары улуу жолубузду улантуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Тилекке каршы, эгемендүүлүлүк менен катар келген каатчылык, айрым саясий катачылыктар жарандарыбыздын жашоосуна кедергисин тийгизди. […]Читать далее
Шакиев Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын төрагасына өлкөнүн эмири каза болгондугуна байланыштуу
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Кувейт мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Ахмед Абделазиз Аль-Саадунга аталган өлкөнүн эмири Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер ас-Сабахдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Анда мындай деп айтылат: “Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Ас-Сабах даанышмандыгы, жаратмандыгы жана камкордугу менен ар дайым эсибизде кала берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн […]Читать далее
Бүгүн, 15-декабрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарында өтүп жаткан Экинчи Элдик Курултайга катышууда. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Элдик Курултайга аймактардан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан шайланган 700 делегат чакырылган. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин билдирип: “Былтыркы жолугушуубузда Курултайдын ишин жөнгө салган […]Читать далее
Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты. Сессия “суроо-жооп” […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев акын-жазуучуларды жана окурмандарды 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата куттуктады. Анда мындай деп айтылат. Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу акын-жазуучулар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 12-декабрь – Улуттук адабият күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз элинин руханий казынасын эки улуу инсан ар убак бийиктетип […]Читать далее
Бүгүн, 11-декбардагы Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады. Бул багытта экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов маалымат берди. Ал белгилегендей, “Саламаттык сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбоорун ишке ашыруу “Ден соолук” артыкчылыктуу […]Читать далее
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын аймагына энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорлорун карап, биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов тарабынан демилгеленген. Демилгенин автору белгилегендей, мыйзам долбоорлору КР жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган. «Энергетикалык […]Читать далее