Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Саидбек Зулпуев ант берди. Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди.Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык 55 жаштагы Саидбек Зулпуевди “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги ыйгарылды. Эске сала кетсек, ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Боронбаев 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган.Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Документте депутат жеке арызынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутаттык мандатынан ажыратылганы айтылат. БШК депутаттын күбөлүгүн жараксыз деп тапты.Читать далее
Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында «КР Министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечи — министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров маалымат берди. Долбоордо министрлер кабинети “Керемет Банк” […]Читать далее
Шакиев Венгриянын Лакителек аймагындагы манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду. Алсак, аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты. Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор […]Читать далее
Нурланбек Шакиев Венгрияда окуп жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине барды. Алгач Төрага элчиликтин жаңы имаратынын алдында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, андан соң дипломатиялык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Мажарстанда иштеген мекендештер жана билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын (Мажарстан) парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач төрага Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвердин коштоосунда жыйындар өтчү залдарды көрүп чыгып, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшү боюнча маалымат алды. Андан соң төрага Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Эскерте кетсек, Мажарстандын […]Читать далее
Шакиев баштаган депутаттар Венгриянын тарыхый инсандарына арналган мемориалга гүлчамбар койду
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Венгрияга (Мажарстан) мамлекетиндеги расмий иш сапары башталды. Алгач төрага Нурланбек Шакиев делегация мүчөлөрү менен бирге Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына барып, Мажарстан мамлекетинин тарыхый инсандарына арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар койду. Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу […]Читать далее
Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, азыркы тапта Президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү […]Читать далее