Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Биз тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз окшош, бир тууган элбиз. Айрыкча […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй өнүгүп, жаңы деңгээлге […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.Читать далее
Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетте 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү тууралуу Министрлер
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек […]Читать далее
Айылдык кеңештин төрагаларына калктын санына карабай айлык чегерүү сунушталууда. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады. Тармактык комитет “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Замирбек Мамасадыков, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Чойбеков, Нилуфар Алимжанова, Айгүл Айдарова, Нурлан Ражабалиев, Максатбек […]Читать далее
Жогорку Кеңештин комитети улуттук валютага байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулады. Бүгүн, 1-апрелде Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетте «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Айсаракан Абдибаева, Улугбек Ормонов жана Бахридин Шабазов. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Айсаракан Абдибаева белгилегендей, документ Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Магиялык ыкмалар менен кызмат көрсөтүүнү жарнама кылууга тыюу салуу сунушталды. Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды. Мыйзам долбоордун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Чойбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков, Русланбек Жакышов, Суйунбек Омурзаков, Тазабек Икрамов, Жалолидин Нурбаев, […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты. Алгач төрага Нурланбек Шакиев акыркы эки аптада депутаттар шайлоочулар менен жолугушуп келгенин эске салып: “Эми калк тарабынан айтылган маселелерди парламентте көтөрүп, аларды чечүү багытында жигердүү иш […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, алгач Нурланбек Шакиев өткөн айда Венгрияга жасаган расмий иш сапары ийгиликтүү болгонун белгилеп: “Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн иш сапарды уюштурууга сиз элчи катары өзгөчө көмөк көрсөттүңүз”, – деди. Ошондой эле Улуттук […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду. Нурланбек Шакиев Кыргызстан Бириккен Улуттар уюму менен бардык багыттарда кызматташып келе жатканын белгилеп: “Айрыкча аталган уюм тарабынан […]Читать далее