Төрага Нурланбек Шакиев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Биз тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз окшош, бир тууган элбиз. Айрыкча өлкө жетекчилери да тыгыз иш алып, алакаларды арттырууга өбөлгө түзүүдө. Андыктан, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты бекемдеп, боордоштук жана достукка негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүбүз деген ишеничтемин”,– деди.

Ошондой эле өткөн жылы Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата Баку шаарында өткөрүлгөн маарекелик иш-чарага катышып келгенин эске салган Төрага: “Салтанаттын алкагында Милли Межлистин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулаганбыз”, – деди.

Муну менен катар жакынкы аралыкта Азербайжанга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдаган Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары парламенттер аралык кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Айрыкча өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдерди толук ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп, тоскоолдуксуз колдоого алынууда”, – деп кошумчалады. Буга Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн мисал кылды.

Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов да эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирди.

“Биз эки тараптуу жана эл аралык алкакта да тыгыз кызматташып келебиз. Анткени, эки боордош элдин бир туугандык жана достук мамилесин чыңдоо негизги максатыбыз”,-деген Жейхун Байрамов Нурланбек Шакиевге Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарованын жолдогон саламын жеткирди.

Андан тышкары, 2022-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганын эске салган министр жакынкы аралыкта да маанилүү документтерге кол коюу пландалып жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, жолугушууга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов да катышты.

Связанный пост