Төрага Нурланбек Шакиев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык иштиктүү практикалык түрдө өнүгүп жатканын белгилеп: «Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү ишке ашырылууда. […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да ой бөлүштү. Алгач төрага Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Түркмөнстандын Эгемендүүлүк майрамы, […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, түркмөн элинин эгемендигин даңазалаган 118 метр узундуктагы эстелик 2001-жылы ачылган. Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркмөнстанга расмий сапар менен барган. Делегациянын курамында Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ашхабад шаарында өтүп жаткан 5+1 форматындагы жолугушуунун алкагында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Ву Воон-шик менен баарлашты. Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Корея Республикасы менен калыптанган алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, […]Читать далее
Нурланбек Шакиев БА өлкөлөрүнүн жана Кореянын парламент жетекчилеринин жолугушуусуна катышты
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышты. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда Борбор Азиядагы мамлекеттер менен Кореянын байланышын бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер талкууланып, кызматташтыкты арттыруудагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду. Жыйында сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев кезектеги жолугушуу “Тынчтык, […]Читать далее
Тармактык комитет Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин пайдаланууга тыюу салууну караган
Тармактык комитет Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Түркмөнстанга барды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Төраганы Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды. Алгач төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. Эскерте […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Жыйынды Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали ачып, иш-чаранын максаты тууралуу баяндама жасады. Андан соң жыйынга чакырылган делегация башчыларына сөз берилди. Өз кезегинде коңшу тажик […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин делегация башчылары да катышты. Тараптар тарыхый байланышы терең элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодогу […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Төрага баштаган делегацияны Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Ватанзода Махмадали Махмадулло тосуп алды. Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын […]Читать далее