Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан элчинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча да ой бөлүшүп, төрага Марлен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Гежиге айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышты. Тиешелүү адистер долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берип, аткарылып жаткан курулуш иштерин көрсөтүштү. Марлен Маматалиев таза суу маселеси калктын жашоо сапатын жакшыртууда […]Читать далее
Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея – Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Корея менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчисинин орун басары Рахат Жунушбаева да катышты. Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелерин […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин башкаруучу кеңешинин жыйынына катышты. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага башкаруучу кеңештин мүчөлөрү менен бирге университеттеги заманбап жабдуулар чыгарылган лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштагы аталардын эрдигин даңазалаган тарыхый-документалдык көргөзмөнү да көрүп чыкты. Ал эми жыйындын жүрүшүндө университеттин жалпы ишмердүүлүгүнө жана стратегиялык өнүгүү максаттарына […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев “Манас” аба майданынан Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардарини тосуп алды. Андан соң тараптар “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу ой бөлүштү. Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Пакистандын мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда маанилүү маселелер талкуулангандыгынан кабардар экенин билдирип, жетишилген […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусундагы Президенттик «Акылман» лицейинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Эл аралык жаш окумуштуулар лагеринин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Иш-чарада Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү болду. Аземде сөз сүйлөгөн Төрага аталган лагер жаш изилдөөчүлөрдү […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ирандын борбор калаасы Тегеранда өтүп, Жогорку Кеңештин делегациясын азем өтүүчү жайда Иран Ислам Республикасынын парламентинин вице-спикери тосуп алды. Белгиленген протоколго ылайык, аземди алып баруучу кыргыз делегациясынын келгенин жарыялагандан кийин Төрага борбордук коштошуу залында […]Читать далее
Төрага Марлен Маматалиев Тегеранда Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин Төрагасы Мохаммад-Багер
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тегеран шаарында Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Ирандын мурдагы жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган. Алгач төрага Марлен Маматалиев Мохаммад-Багер Галибафка Ирандын жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи жана Жогорку Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты. Парламенттен билдиришкендей, депутат Медер Чотонов токтом долбоорунда “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына 100% мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү каралып жатканын белгиледи. Муну менен катар, депутаттар […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты. Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача токтолду. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Тактап айтканда, жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам […]Читать далее