Бишкекте жаңы курулган Ынтымак ордосу 30-августта ачылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат. “Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен курулган, башынан аягына чейин анын жеке көзөмөлүндө болгон жаңы Ынтымак ордо имараттын ачылыш аземи Кудай буюрса, […]Читать далее
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Атап айтсак, төмөнкү көчөлөр 31-августта жабык болот: – […]Читать далее
Ветеринардык кызмат тарабынан 7 айда тамак-аш коопсуздугу боюнча 780 субъектини текшерген. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыгына байланыштуу бир катар субъекттерге жалпысынан 485 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. “Бийик тоолорго жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мамлекеттин 3 жылда аткарган иштерин тизмектеп берди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун командасы бийликке келгенде, тактап айтканда 2020-жылы мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сом эле, өткөн жылы 577,2 млрд сомдон ашып, быйыл 2024-жылы 660 миллиардга жеткирүү планы коюлган. – Кумтөр алтын […]Читать далее
Бишкекте 1 млрд 953 млн сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу […]Читать далее
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы […]Читать далее
Ысык-Көлдөгү селден кийин 110 үй дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду айылында 6, Кашат айылында 4 жана Темир айылында 100 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле бүгүн айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. […]Читать далее
Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды. Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция […]Читать далее
Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн “Жашыл келечек жолунда” аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди. Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. “Бизнесте, саясатта […]Читать далее