Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу алгычында 5 скважинаны ишке киргизүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана район активдери катышты. Бул кошумча 5 артезиан кудуктары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган. Аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку […]Читать далее
Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Россияга баруудан баш тартуу сунушталды. Тышкы иштер иштер министрлигинен билдиришкендей, Россиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргызстандын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына […]Читать далее
Билим берүү уюмдарынын окуучуларына тиешелүү пенсиялык системадагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет. Эми билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги студенттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк окуу жайларда окугандар окуусун аяктаганга чейин, бирок 23 жашка чейин баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу. Окуучулар 18 жашка чыкканга чейин маалыматкат тапшыруусуз эле баккан […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААКтын туунду ишканасы “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсы 2-сентябрдан тарта Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады. “Кыргызиндустрия” ишканасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн. “Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги соңку кездери эл арасында эттин баасы кескин көтөрүлүп жатканы тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатканына байланыштуу өлкө боюнча мониторинг жүргүздү. Ошентип, 3-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингке ылайык эт азыктарынын чекене баалары: Чүй облусунда уйдун эти – 523 сом, кой эти – 555 сом, жылкы эти – […]Читать далее
Мамлекетке 147 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого каршы күрөштүн натыйжасында жалпы аянты 0,58 га, баасы 147 млн сом болгон жер тилкеси аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Тактап айтканда, мурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында […]Читать далее
7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши […]Читать далее
Эртең, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКнын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат. “Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон”, – деп айтылат […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өсүмдүктөрдүн зыяндуу жана зыянсыз экендигин аныктоо боюнча 40 миңге жакын экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, […]Читать далее
Бишкек шаарында 11 курулуш компаниясына айып салынды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, Муниципалдык инспекция тарабынан аларга протоколдор түзүлдү. Жанаша аймагын таштандыга толтурганы үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү курулуш компанияларына 13 миң сомдон айып салынды: – Фрунзе көчөсү, 466; “Кейджи Восток Сервис” ЖЧКсы; – Коенкөзов көч, 100; “Турпан Строй” ЖЧКсы; -Токтогул көч, 165 “Бай […]Читать далее