Добуштарды сатып алуунун кереги жок, деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште республикалык бюджетти кароо учурунда. Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан шайлоону ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Мен бардыгына, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем, эгер кайсы бир партияга үгүт иштерин жүргүзсөңөр жоопкерчиликке тартыласыңар. Каалаганыңызга добуш бериңиз, бирок үгүт жүргүзбөңүз. Мындан […]Читать далее
ЖКККББ чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырат. ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыркы учурларда Армения, Авхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдын […]Читать далее
Бишкекте көчө боюнда сатылып жаткан күйүүчү майларга каршы рейд өттү. Мэриядан маалымдашкандай, бензиндин уруксатсыз сатылышына каршы рейд Профсоюз жана Махатма Ганди көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жана салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткан жети адамдан 1 тонна 300 литр бензин алынган. Аларга […]Читать далее
“Эксперттик диалогду, климаттык дипломатияны өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, тоолуу өлкөлөрдүн жаштарынын демилгелерин колдоо үчүн каржылоону тартуу, тоо экосистемаларын коргоо боюнча экологиялык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу үчүн аянтчаны түзүү максатында биз Кыргыз Республикасында биринчи “Тоо жаштарынын Дүйнөлүк фестивалын” өткөрүүнү демилгелеп жатабыз”, – деп Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Азербайжандын Баку шаарында КОП29дун алкагында жаштардын экологиялык билимине […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрынан баштап Бишкек – Москва жүргүнчүлөрдү ташуу поезд каттамы жанданат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, каттам Москва шаарынын Павелецкий вокзалына барат. Каттоо (келүү – кетүү) күндөрү: Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага келет. Москвадан жекшмби жана шаршемби күндөрү каттайт. Билет баалары: Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттердин баасы “Кыргыз […]Читать далее
2024-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан республика боюнча убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 9164 адам тартылды. Бул тууралуу ведомстонун басма сөз кызматы билдирет. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жарандарга эмгек акысын төлөө максатында республикалык бюджеттен 23,5 млн. сом төлөнүп берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып, ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ушуга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбоону эскертет. “Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Россияда иштеген 573 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген. Ведомстводон маалымдашкандай, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 40 млн 330 миң рублди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 19 млн рублга көп. Мындан тышкары, өкүлчүлүк тарабынан Кыргызстандын 9 жаранына өндүрүштүк жаракат алганына байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-14-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. […]Читать далее
Бишкек мэриясында 2024-жылдын 17-ноябрында пландаштырылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын отуруму өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров, төрт райондун акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери жана башкалар катышты. Бахадыр Коңуров участкалык шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, […]Читать далее