Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлер өлкө боюнча бир тизмеге катталат. Талапкерлер баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” төлөөсү керек. Андан соң муфтияттын облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына баштапкы 2 миң АКШ доллардын квитанциясын жана […]Читать далее
Бүгүн “Ош” эл аралык аэропортунда өнөктөштүктү бекемдөө максатында Кыргызстан менен Индиянын Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келди. Эми жүргүнчүлөр жума сайын шейшемби күнү уча алышат. Чартердик каттам транспорттук байланышты […]Читать далее
Кыргызстанда 24-сентябрда 208 түгөй баш кошуп, никесин расмий каттатты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, 24.09.24 сыяктуу “кооз даталар” сүйүү менен бакыттын символу болуп калуу менен бирге, үйлөнүү тойго өзгөчө атмосфера тартуулайт. Бул күн үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү менен дал келип, ага өзгөчө маани кошот. “Үй-бүлө күнү, тынчтык, берилгендик жана бири-бирине колдоо […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри муниципалдык автобустун айдоочулары менен жолугушту. Муниципалитеттен билдиргендей, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында жыйын өткөн. Борбор калаанын башчысы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады. «Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу […]Читать далее
Бишкекте 317 млн сомдук имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте жеке менчикке өткөрүп берүү жана кайтарып берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Жыйынтыгында баасы 317 млн 106 миң […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 […]Читать далее
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттам жүргүнчүлөр үчүн даярдоо программасынын алкагында уюштурулду. Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки каттамдардын бардык тепкичтерин кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын ырасташты. Атамекендик авиакомпаниянын түптөлүшү Кыргызстандын авиация […]Читать далее
Президентинин администрациясынын кызматкерлери шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен
Президенттин администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортто жүрүү демилгесин колдоду. Ага ылайык, министрликтерге жана ведомстволорго шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Эске салсак, муниципалдык кызматкерлердин жумасына эки ирет жеке унаасын айдабай, коомдук транспортто жүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин демилгеси 2024-жылдын май айында көтөрүлгөн. Ошондон бери мэриядагылар […]Читать далее
Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, президенти Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду. Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз […]Читать далее
Кыргызстанда бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде болуусуна аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди. Анын айтымында, тарбиячыларды окутуу, мамлекеттик тилде китепчелерди жана колдонмо усулдарды чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. “3-4 айдан бери бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде өтүүсүнө […]Читать далее