Үстүбүздөгү жылдын 14-18-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Иш-чара сел жана таш кулоо […]Читать далее
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мушкер Дмитрий Биволдун Артур Бетербиев менен болгон беттеши тууралуу билдирүү жасады. “Дима, сен уттуң. Биволдун жеңишин уурдап алышты, калыстар тобу менен уюштуруучулар адилеттүүлүктү тепсеп салышты, алар адилеттүүлүктүн баасын түшүнбөй жатат!” — деп жазган КамчыбекЧитать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды. Атайын кызматтан билдиришкендей, бул тууралуу ал күн мурун Баткенде чек арачылар менен жолугушууда айтты. Анда Ташиев тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды. “Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши […]Читать далее
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, имараттын абалын көрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, бул кеңседе 124 кызматкер эмгектенип, 24 саат телекөрүүчүлөрдү, радиоугармандары жаңылыктар менен камсыздап, обого чыгып жаткан кызыктуу жана пайдалуу контент даярдашат. Министр Алтынбек Максутов чыгармачыл жамаат менен маектешип, жакынкы […]Читать далее
Күн мурун президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бишкектиктерди коомдук транспортто жүрүүдө накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырган. Ошол эле күнү “Темиров Live” каналында “Тулпар” картасы боюнча долбоор чет өлкөлүк компанияга таандык экенин айткан иликтөөсүн жарыялады. Анда айтылган маалыматтар боюнча президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Марал FM радиосуна комментарий берди. “Болот […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Баку шаарында (Азербайжан) Климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын конференциясынын (Pre-COP29) алдын ала иш-чаралары жана жолугушууларына катышууда. Иш-чаралар “Амбицияларды көтөрүү жана аракеттерди камсыз кылуу” урааны астында өтүүдө. Жолугушуулар […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги кант кызылчасына байланышкан көйгөлөрдү чечүү максатында Чүй облусундагы кант кызылчасын кабыл алуу завод ээлери менен жолугушуп, абалды жөнгө салуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылы кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар рекорддук түшүмдү жаратып, ал болжолдуу 900 миң тоннаны түзөөрү күтүлүүдө. […]Читать далее
Саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн Глобалдык альянстын (ГАВИ) грантынын алкагында 117 компьютер алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, электрондук саламаттык сактоо борбору эненин жеке идентификациялык номерин (ЖИН) колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында каттоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыкты. Бул ар бир баланын саламаттык сактоо кызматтарына, анын ичинде эмдөө кызматтарына […]Читать далее
Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ведомстводон билдиришкендей, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын 1 416 декларациясы талданган. Анализдин жыйынтыгында 6 миң 272 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациясында дал […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 206 миң 534 адам 4 млрд 41,4 млн сом өлчөмүндөгү пенсиялык топтосун алышты. Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде: – пенсиялык куракка жеткен жарандарга төлөм – 184 072 адам (2243,1 млн сом); – башка жакта туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөм – 4002 адам (196,4 млн сом); – каза болгон камсыздандырылган […]Читать далее