Эмгек министрлиги балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барууда

 Эмгек министрлиги балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жылдын биринчи жарымында оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы иштердин жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө турмуштук оор кырдаалда турган 2 669 бала аныкталды. Анын ичинен 161 бала зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн жапа чеккен.

Соттун чечими менен 195 бала камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө өткөрүлүп берилди, 167 бала асырап алынды, 52 бала адистештирилген интернаттык мекемелерге жайгаштырылды. 56 жетим бала үчүн “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу үчүн тиешелүү документтери даярдалууда.

Эмгек мигранттарынын балдарына өзгөчө көңүл бурулат: жыл башынан бери 251 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мигранттардын 83 809 баласы аныкталган.

Ошондой эле министрлик фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда: 243 бала 113 фостердик үй-бүлөдө тарбияланат, ал эми 48 талапкер ведомствонун аймактык бөлүмдөрүндө каттоо турат.

2024-жылы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын алдында жашы жете электердин укуктарын коргоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган балдар иштери боюнча комиссиялардын 1 522 отуруму өткөрүлгөн.

Связанный пост