Кечээ Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун (212-227) Тоң-Мурун ашуусунда унаа тыгыны пайда болуп, түнкүсүн чектөө киргизилген. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, мындай абалды жаралышына жүк ташуучу унаалардын жол эрежесин сактабагандыгы, Ош – Сары-Таш – Эркечтам аркылуу Кытайга каттаган жүк ташуучу унаалар ашууларга чыгаарда дөңгөлөктөрүн кышкы алмаштырбай, чынжырлары жок жолго чыгышканы себеп […]Читать далее
Ипотекалык үйлөр кезекке тургандарга 4%, 50 пайыздык үлүш менен алгандарга 8% менен берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. “4 пайыз менен турак жай алган жарандарга ипотека 25 жылга берилет. Алар мүмкүн 10 жылда же 15 жылда ипотекасын төлөп бүтсө, калган жылдардын пайызы алынбайт. Бул да болсо мамлекеттин элге болгон камкордугу. Облустардагы […]Читать далее
Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында “Ынтымак конушунда” 8100 батир салынып баштады. “2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот”, – деди ал. Каныбек Туманбаев белгилегендей, учурда […]Читать далее
Кыргызстанда турак жай алам деген жарандар ипотекалык үлүш менен батирлүү боло алат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, каражаттын 50 пайызын төлөгөндөргө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнөн турак жайлар 15 жылдык мөөнөткө, 8 пайыз үстөк менен берилет.Читать далее
Кыргызстанда турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев “Фейсбуктагы” түз эфирде билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү күндөн тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайты жаңыланат. Ошол жактан ипотекалык үй алуу үчүн толук маалыматтар берилет. Анда ипотекалык программалардын бардыгы көрсөтүлөт. “Учурда ипотекалык үй алам дегендерден эч кандай документтер талап кылынбайт. Сайттын […]Читать далее
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 98 адамды түзөт, алардан 83 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 15 адам чечимди күтүүдө. […]Читать далее
Бүгүнкү күндө дыйкандарга күзгү айдап-себүү жана оруп-жыюу үчүн дизельдик күйүүчү майдын талондорун 65 сомдон сатууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бөлүштүрүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, азыркы учурда дээрлик 2 млн 975 миң литр күйүүчү май […]Читать далее
Бишкекте социалдык мекемелерге жана турак жайларга жылуулук берүү уланууда. “Бишкек жылуулук тармармагы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 9:00гө карата төмөнкү объекттер жылуулук түйүндөрүнө кошулду: медициналык мекемелер – бардыгы болуп 64, анын ичинен 39у кошулган – 61%; мектепке чейинки мекемелер – 87, анын ичинен 39у кошулган – 45%; мектептер – 62, анын ичинен 28 – 45% […]Читать далее
Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышуудан жабыркагандардын арасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. “Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн […]Читать далее