Кыргызстанда Жаңы жыл майрамы тынч өтүп, олуттуу окуялар катталган жок. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүүдө. Турак жайларда, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул локациялардын жанында […]Читать далее
Жаңы жыл майрамынын астында 30-декабрдан 31-декабрга караган түнү өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 2 184 айдоочулар аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 55 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 64 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 467 айдоочу; каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 31 […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 23-декабрынан 29-декабрына чейин 17 миң 447 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 500; мас абалында унаа башкаруу – 293; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 69; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 402; унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее
Тилекке каршы, биз балдарга карата зомбулук сыяктуу көйгөйлөрдү каттап жатабыз. Буга байланыштуу балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, мониторинг көрсөткөндөй, учурда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын 63%ы видеокөзөмөл менен жабдылган. «Жергиликтүү бийликтин жардамы менен бул […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Ведомстводон билдиришкендей, жабырлануучулардын экөөсүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу оор. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. […]Читать далее
Казакстандын Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды алып келген учак Бишкек шаарынын “Манас” эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду. “Алар тез жардам аркылуу Бишкектеги улуттук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 25-декабрда […]Читать далее
Актаудагы учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок, анын учурдагы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Дарыгерлер уруксаат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда. Ал эми калган эки жараныбыздын […]Читать далее
Жыл башынан бери 1200дөн ашуун этникалык кыргызга “кайрылман” макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, учурда тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын жашоо шарттын жакшыртуу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда. “2024-жылдын 1-декабрына карата башка өлкөлөрдөн келген 1210 этникалык кыргызга “кайрылман” макамы ыйгарылды. Ушул жылдын август айында 12 […]Читать далее
Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, быйыл июль айынан тартып томолой жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар аманаты ишке киргизилди. Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир бала үчүн 500 миң сомдон эсеп ачуу каралган. “Ар бир бала 18 жашка […]Читать далее
Келерки жылы социалдык келишим аркылуу 20 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Анын пикиринде, үч жылдан бери “Социалдык келишим” долбоору алкагында дээрлик 35 миңден ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилип, бул үчүн 3,3 млрд сом акча каражаты бөлүндү. “Ишке ашып жаткан ар бир долбоордун […]Читать далее