Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттуудан ууланды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылышкан. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу. Бул факты катталып, иликтөө иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол коопсуздугу жаатында рейд өткөрүлдү. Башкармалыктын маалыматына ылайык, рейд учурунда жол эрежелерин одоно бузган 3 миң 52 айдоочу аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу; каршы тилкеге чыгып […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көрүнүктүү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери маркум Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Ал өз сөзүндө кыргыз медицинасы чоң жоготууга учураганын айтып, Эрнст Акрамовдун өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. “Медициналык кесип эң асыл жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүүсү күтүлүүдө. […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда 140 орунга эсептелген №24 бала бакчанын, Калыс-Ордо конушундагы №29 жана Келечек конушундагы №27 бала бакчалардын ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Айбек Жунушалиев өз куттуктоо сөзүндө бала бакчалардын ачылышы жаш муундардын өнүгүшүнө […]Читать далее
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак, Комунна жана Искра айылдары таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маадыматка ылайык, аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Азыркы учурда жалпысынан 24 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 1000 м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык […]Читать далее
2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев Германия Федеративдүү Республикасына иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгы Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча профсоюздар федерациясы менен биргеликте уюштурган маалыматтык кампания башталды. Акция балдардын эксплуатациясын алдын алуу жана көзөмөлдөө, мектептерде жана колледждерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Иш-чаралар планында Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелерин камтуу каралган. Алгачкы иш-чара Бишкектеги Биринчи Май балдардын […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Уюштуруу комитетинин толук курамы катышкан жыйында, алгач Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгери Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы кыргыз эли оор жоготууга учураганын белгилеп, Мамбет Мамакеевдин ата мекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана улуттун саламаттыгын сактоого кошкон өзгөчө салымын баса белгиледи. “Айта […]Читать далее