Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык байланыштар аныкталган. Тагыраагы, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси У.А. курсташы “А.” ЖЧКсынын директору М.А. менен туруктуу коррупциялык схема түзгөн. 2023-2024-жылдары “А.” ЖЧКсы 73 сатып […]Читать далее
Жаңы мыйзам долбоору колдоого алына турган болсо, элине кадыры бар талапкерлер гана шайланып, элдин эркин тандоо кылуусуна шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, долбоор учурдагы пропорционалдык (партиялык тизме) жана мажоритардык (бир мандаттуу округдар) системалардын кемчиликтерин жоюуга багытталган. “Акыркы парламенттик шайлоодо мен дагы бир […]Читать далее
Быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине 64 миң тоннанын тегерегинде буудай үрөөнү керектелсе, учурда анын 57 миң тоннасы даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Турат Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, жашылча-жемиш жана башка үрөөндөр 100 пайызга даярдалып калды. “Мамлекет тарабынан үрөөнгө 30 пайыздык дотация берилет. […]Читать далее
Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында, республиканын бардык аймагында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат. Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон […]Читать далее
Өлкөдө битир-садага менен зекетти QR-код аркылуу чогултуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттан маалымдашкандай, эми бардык мечиттерде битир-садага жана зекет төлөмдөрү Finik мобилдик тиркемеси аркылуу төлөнөт. Бул системаны колдонуу тартибин түшүндүрүү максатында Нарын облусунда имамдар үчүн атайын жыйын өткөрүлдү. Анда муфтияттын башкы бухгалтери Толкунбек Жуманов зекет, битир-садага төлөмдөрүн кабыл алуу […]Читать далее
Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын ичинен: 22 149 – тракторлор; 10 946 – соко; 3 285 – үрөн сепкичтер; 754 – жер семирткич чачкычтар; 1 534 – малалар; 1 362 – арык казгычтар; […]Читать далее
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери таза суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын пайдаланып, бирок акысын төлөбөй келген бир катар абоненттерди өчүрүштү. Муниципалитеттен билдиришкендей, эң көп карыз борбордун Свердлов, Биринчи май жана Ленин райондорунда катталып, карыздын көлөмү он миңдеген сомго жеткен. Мисалы, борбордун Свердлов районунда ири карыздар катталган: – 43 093 сом (2012-жылдан […]Читать далее
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо качан башталарын айтып берди. Анын маалыматына караганда, 2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат. Ал эми 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Орозо 30 күнгө созулат. Салт боюнча мусулмандарга бир ай бою күндүзгү убакта тамактанууга болбойт.Читать далее
2024-жылы республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердүүлүгүн жигердүү жүргүзүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу үчүн тийиштүү иштерди […]Читать далее
Бишкекте окуучунун өлүмүнөн соң №72 мектептин жетекчилиги иштен алынды. Муниципалитеттен кабарлашкандай, мэриянын Билим берүү департаментинин буйругу менен аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Маалым болгондой, бүгүн жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган мектептин директору Д.А.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева функционалдык милдеттерин талаптагыдай […]Читать далее