Кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ушул жылдын 11-июнунда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат – учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде. «МЭА» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын колдоосу астында мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык жана коомдук уюмдар үчүн “Кыргызстандагы сексуалдык зомбулук жана майыптык: мыйзамдар, саясат, тажрыйбалар жана сот адилеттигине жетүү” аттуу докладдын таанытымы болуп өттү. Басылма Кыргызстандын коомдук уюмдары, майыптыгы бар адамдардын “Равенство” Бирлиги, “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы жана Equality Now (“Равенство […]Читать далее
«Ынтымак-2» сейил багында Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү. Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү. Чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар, атайын викториналык оюндар, спорттук оюндар жана пайдалуу семинарлар, футбол, баскетбол, регби, сүрөт тартуу, мода көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле ар кандай зоналар уюштурулган: санариптик, жаштар, жашыл, спорт аянтчасы жана эс алуу зонасы. Иш-чаралар Германия, […]Читать далее
2023-жылдын 22-24-май айында Орусиянын борбору Москва шаарында өткөн эл аралык 62-чи «Санкциялык режимде аэропорттордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо» конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» көргөзмөсү өттү. Аталган иш-чаранын алкагында 2022-жылдагы иштердин жыйынтыгы менен «КМШга мүчө мамлекеттердин жылдын мыкты аэропорттору» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Уюштуруу комитети жыл жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чоң салым кошкон […]Читать далее
2023-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен УКМКны жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды. Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. К.К.Ташиев мындай […]Читать далее
«Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында 774 фермер каржыланды
Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун Кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына Долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Сапардын жүрүшүндө ар бир региондо сүт өндүрүүчүлөрдүн карыз алуучу топторуна баруулар уюштурулду. Бардык аймактарда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, айландыруу фондунун алкагында сатылып алынган уйлар көрсөтүлүп, алган […]Читать далее
Бишкек шаарындагы №18 мектебинин 225 окуучулук орунга эсептелген жаңы окуу корпусунун курулушу 2023-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Азыркы учурда төмөнкүлөр аткарылды: чатыры – 100%, жылытуу системасы – 100%, сырткы жасалгасы – 100%, ички жасалгасы – 100%, ички инженердик тармактары – […]Читать далее
Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди. Тиешелүү макулдашууга КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтү ыйгарым укук берген Etero операторунун ортосунда кол коюлду. Кол коюу онлайн форматында болуп өттү. Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында 18-46 жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын Айыл чарба […]Читать далее
Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жер төлөсү менен 2 кабаттуу имараттын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашты. Бүгүнкү күндө жер төлөнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды.150 кишини кабыл алууга ылайыкталган бейтапканада 5 авто унаага тез жардам станциясы каралган. Анын жалпы аянты 2607,9 чарчы […]Читать далее
Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды. Саамалыкка Тоң районунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектептин жамааты жана айыл тургундары катышты. Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык […]Читать далее