Көк-Жар конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулууда

Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жер төлөсү менен 2 кабаттуу имараттын  курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашты.

Бүгүнкү күндө жер төлөнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды.150 кишини кабыл алууга ылайыкталган бейтапканада 5 авто унаага тез жардам станциясы каралган. Анын жалпы аянты 2607,9 чарчы метрди түзөт.

Имаратта  ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизациялоо бөлмөлөрү, жуунучу жайлар каралган.

Жер төлөгө тез жардам станциясы, ошондой эле унаа токтотуучу жана унаа жуучу жайды кошо куруу пландалууда.

Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруу үчүн «Монолит Строй» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Связанный пост