Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы мекенине кайтарууну уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Балдарды кайтаруу Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылган. Мындан ары министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөт жана алардын абалын ар тараптан баалайт. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык […]Читать далее
Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, азыркы учурда административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы куюлуп, бетон иштери 4-кабатка жетти. Таштандыларды жана жабдууларды ташууга ыңгайлуу болуш үчүн унаа жолу курулууда. Ага ылайык, учурда 1000 метрден ашык жол төшөлгөн. Курулуш аянтына 35 миң […]Читать далее
Бүгүн 1-мартта Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталды. Эми мусулмандар 30 күн бою орозо кармайт. Орозо – бул мусулмандардын Рамазан айында аткара турган ибадаттарынын бири. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт. Жакшылык иштерди көбөйтүп, кайрымдуулук кылууга басым жасайт. “Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” […]Читать далее
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин курамынан чыгарылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт. Циркти “Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки” мамлекеттик ишканасына айлантып, Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү керек. Токтом расмий […]Читать далее
Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылы 119,9 миң адамга, же 1,7 пайызга өсүп, 2025-жылдын 1-январына карата 7 млн 282 миң адамды түздүБул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы каттоо органдарында 140,4 миң ымыркай катталган, же калктын 1000 тургунга 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келди, ал эми […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын 4 293 жараны чет өлкөгө ишке орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бир катар мамлекеттер менен өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, жумушка орношуунун мыйзамдуу жана коопсуз механизмдерин камсыз кылууда. Учурда төмөнкү өлкөлөр менен кызматташуу жүрүп жатат: Корея Республикасы; Россия Федерациясы; Улуу Британия; Казакстан; Германия Федеративдик […]Читать далее
Жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки жолу түшүм алуу зарыл, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкекте өтүп жаткан “Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда. Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргызстанда […]Читать далее
Өлкөдө “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул чегерүүнүн жоболору каралган. Ага ылайык, жөлөкпул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар […]Читать далее
Бишкек шаарында мурдагы бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бишкек шаары, Маевка Муниципалдык аймактык башкармалыгы дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 735,8 кв м, турак жай аянты 460,5 кв м., жер тилкеси 0,63 га болгон балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталган. Тактап […]Читать далее
Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир бөлүгүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде оңдоп-түзөп, акы төлөнүүчү жол кылуу пландалууда. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, план боюнча аталган жолдун 30,6 чакырымдан 90-чакырымга чейинки бөлүгү жаңыланып, 6 тилкелүү болот. Аны куруу үчүн министрлик инвесторлорду издөөдө. Жол реконструкциядан өткөндөн кийин акы төлөнүүчү болот. Ага альтернативдүү жол катары ички Бишкек […]Читать далее