Кыргызстанда 1 миң 975 чет өлкөлүк адамга “Санариптик көчмөн” (Digital nomad) макамы берилди. Пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрынан тарта ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу. “Санариптик көчмөн” […]Читать далее
2023-жылы Кыргызстан боюнча 105 мектептин курулушу бүткөрүлүп, 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Анын ичинен: Чүй облусу боюнча 14 мектеп; Баткен облусу – 16 мектеп; Жалал-Абад облусу – 22 мектеп; Ысык-Көл облусу – 13 мектеп; Нарын облусу – 6 мектеп; Ош облусу – 25 мектеп; Талас облусу […]Читать далее
Жыл башынан тарта министрлер кабинетинин чечимдери менен жалпысынан 20 миң 291,14 гектар жер которулду (трансформацияланган). Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен: калкту конуштарга 302,82 га; логистикалык борборлорго 14,37 га; дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га; пляждык аймакка 14,8 га; застава 200,0 га; инвестициялык долбоорлорго 19437,0 га; энергиянын кайра […]Читать далее
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын энергетиктери майрам күндөрү өз жумуш ордуларында күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришт. Жаңы жылдык майрам күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулат. Энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт. Ыкчам топ жогорку даярдыктагы режимге […]Читать далее
Кыргызстан тарап Сауд Аравия менен туризм тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар. 2023-жылы эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдары ачылды жана буга байланыштуу эки тараптуу туристтик агымды эң аз дегенде эки эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү жолдору Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов менен САПтын Туризм агенттигинин аткаруучу директору Фахд Хамидуддиндин жолугушуусунда талкууланды. Элчинин айтуусуна […]Читать далее
“Чакан ГЭС” ААК карамагындагы ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттардын эсебинен калкып туруучу күн электр станциясын куруу пилоттук долбоорун соңуна чыгарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө долбоор боюнча негизги жана комплектөөчү жабдууларды чогултуу жүргүзүлдү: станциянын 95 кВт кубаттуулуктагы калкып туруучу жана 5 кВ – жер үстүндөгү бөлүктөрү […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели инвестициялык көлөмү 164 млрд сомдон ашык болгон 68 МЖӨ долбоорун түзөт. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 12 долбоорго көп (2022-жылы 56 долбоор). Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МЖӨ борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков билдирди. Анын айтымына караганда, 2021-2023-жылдар аралыгында долбоордун протфели 32ден 68 МЖӨ долбооруна […]Читать далее
Акыркы суткада Бишкек жылуулук электр борбору 8 миллион 752 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрүп чыгарылды. Учурда, ТЭЦтин кампасында 302 миң. тонна көмүр жана 1,884 миң тонна мазут бар. Эскерте кетсек, 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилин өтүү үчүн 1 миллион 200 миң тонна көмүр отуну керектелээри пландалган, анын ичинде: 550 миң тонна импорттук көмүр; 650 миң тонна кыргыз […]Читать далее
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 27-декабрда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. ҮДТ Ленин көчөсү, 174 А дарегинде жайгашкан. Имараттын курулушун Түрк өкмөтүнө караштуу Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (TIKA) Бишкек координациялык кеңсеси тарабынан каржыланган – 115 миң доллар. Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Канат Жумагазиев, […]Читать далее
Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын агымынын лидери Түркия болсо – 341,6 млн доллар, экинчи орунда […]Читать далее