Быйыл өлкөдө пайдаланбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң га кыскарып, 35,7 миң гектарга чейин азаят. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Башкача айтканда, 2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң гектарды түзүп, өткөн жылга карата 3,3 миң гектарга көп пландалды. Айтсак, буга чейин пайдаланбай жаткан айыл […]Читать далее
Өлкө аймагында 2025-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701; -Мас абалында унаа башкаруу -108; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -87; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410; -Авто ээнбаштык […]Читать далее
Эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн катталса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, тиркемеде жашаган жерин каттатууну онлайн кылган жаңы сервис ишке киргизилди. Арызды критерийге кирген кыймылсыз мүлктүн ээлери гана бере алат. Буга аларга катталган турак жайлар жана батирлер кирет.Читать далее
Күн мурун Бишкекте 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коом, илимий чөйрө, көзкарандысыз эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Жолугушууда программа боюнча иш уланууда жана Экономика министрлиги жарандардын сунуштарын күтүп жатканы айтылды. Улуттук программа – индустриялаштыруу, транспорттук […]Читать далее
Кыргызстандын паспорту “Паспорт индекси” паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдары салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 6-мартына карата КР паспорту 67-орунду ээледи. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан тарабынан 2024-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Албания, Черногория, Таиланд Королдугу, Венесуэла Боливардын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык […]Читать далее
2024-жылы иш жүзүндө түшкөн киреше 37 млрд 47,2 млн сомду түзүп, план 101,6 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпы шаардык бюджеттик угууда билдирди. Калаа башчысынын маалыматы боюнча 2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө киреше түшүүлөрдүн өсүү темпи 169,3 пайызды түздү. Бул өткөн жылга караганда 15 млрд 171,0 млн сомго көп. Ал кошумчалагандай, бюджеттин […]Читать далее
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-февраль айларында 11 миң 614 жаранга пенсия чегерилди. Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде февраль айында 3 миң 906 жаранга пенсия чектелген. Ал эми эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде 1 миң 376 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Соцфонд пенсияга байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылууну сунуштайт.Читать далее
Жаңы Ош базар 3 ай ичинде курулуп бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базарга жасалган рейд учурунда билдирди. Анын айтымында, жаңы базардан зарыл болгон расмий документтери бар гана соодагерлер орун ала алат. “Азырынча расмий документтери жок иштеп жаткандарга эч ким тийбейт. Бирок, биз көптөн бери эле документтерди ирээтке […]Читать далее
Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 17-марттан башталып, 23-мартка чейин созулат. Төртүнчү чейрек 24-марттан тарта башталат. Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган.Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык муниципалитеттин жыйындар залында пландуу кеңешме өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландар талкууланды. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратузумдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев, “Бишкекасфальтсервис” МИнин директорунун орун басары Саламат Кожогулов жана уюштуруу-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасашты. Мэр Айбек Джунушалиев […]Читать далее