Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин ырасташты. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны өтүп, анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев муфтийлик кызматтан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, […]Читать далее
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди. Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.Читать далее
2023-жылы Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиарддан ашык сомго кепилдик бериилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти. Белгиленгендей, айыл чарбасы “Кепилдик фонду” ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. 2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736. Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйындын жүрүшүндө учурда аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга базарлардын аймагын тез ара ичинде тартипке келтирүү, башаламан соодага каршы […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 25-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетине, Евразия эл аралык университетине пландан тышкаркы иш сапары менен барып, окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү процесси менен таанышты. Ал ошондой эле студенттер практикалык көндүмдөрдү алган университеттин клиникасында болду. Андан соң ЭМУнун колледжине барды. Министр ЖОЖдор менен колледждердин материалдык-техникалык базасы жана жабдылышы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш конролдоо башкармалыгынын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана ишженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун инспекторлору тарабынан курулуп жаткан жана эксплуатацияланган (жарандар жашап жаткан) көп кабаттуу турак жайлардын монолиттүү темир-бетон каркастарынын, тосмо конструкциялардын жана жасалгалоо иштеринин абалына болгон текшерүү иштери жүргүзүлдү. Республика боюнча учурда курулуп жана […]Читать далее
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Республиканын курулуш комплексин өнүктүрүү боюнча керулген чаралардын комплексинин натыйжасында капиталдык салымдардын көлөмү көбөйүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин 2023-жылга карата алдын ала маалыматтары боюнча, каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,8%га […]Читать далее
Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды, деп билдирет “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун “Манас” эл аралык аэропортунда келип конгон. Жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – […]Читать далее
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн макулдашуусунун алкагында 44 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы маалымдады. 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр кайрылмандардын социалдык жана укуктук статусун кепилдейт. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2024-жылдын 24-январында кол койгон. Тактап айтканда, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик […]Читать далее