Бишкек шаарында аба ырайынын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койгон. Белгилей кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулукэнерго филиалдарынын мүлк […]Читать далее
Мэрия Ош базарын иретке келтирүүгө киришти. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соодадан ыктыярдуу түрдө жолдун бөлүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Эске салсак, мындан бир жума мурун муниципалдык инспекция соодагерлерге 344 эскертүү берген. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жеңил курулуштарды жана объектилерди бузуу боюнча 50 эскертүү берилген. Жеринде мыйзамсыз орнотулган 13 соода күркөсү […]Читать далее
Бүгүн, 14-март күнү ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында аймактык бөлүмдөргө жаңы автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Белгиленгендей, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган 30 «Нива» үлгүсүндөгү унаалар аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилди. Бул 30 автоунаа милициянын аймактык […]Читать далее
“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын Душанбеден чыккан каттамы “Манас” эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Учакты салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты. Эске салсак, кечээ Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекте Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча авиакаттамдар 14-марттан тарта жанданарын билдирген. Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар эки өлкө ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту. […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Заробиддин Косими менен өз ара кызматташуу маселеси талкууланды. “Эки өлкө ынак коңшулук мамилесин арттырууда, эки элди жакындатууда, ынтымагын жандандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маданий байланыштардын мааниси зор экенин […]Читать далее
Эмгек министрлиги бир жылда мигранттарга 43 млн рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берди. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү 623 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген. “Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 43 млн 453 400 рублди түздү. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери […]Читать далее
2025-жылдын 1-мартына карата 247 ата-энесинин көзөмөлдүгүсүз калган бала 118 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, былтыр 1-мартта 210 ата-энелеринин көзөмөлдүгүсүз калган бала 110 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланган. Натыйжада балдардын саны 15 пайызга көбөйгөн. “Учурда окуу үчүн багып алуучу ата-эне болууга 43 талапкер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат”, – деп […]Читать далее
Булуттун электрондук кол тамгасы (CES) эми “Түндүк” тиркемесинде онлайн режиминде жеткиликтүү. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Электрондук кол тамга (ЭС) – бул электрондук документти күбөлөндүрүү үчүн колдонгон колуңуздун санариптик аналогу. Электрондук кол тамга анын ээси жөнүндө бардык керектүү маалыматты сактаган санариптик символдорду камтыйт. Жашыруун кол тамганын ачкычы флеш-дискте сакталат.Читать далее
Бишкектеги турак жай комплекстеринин бириндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү (Ботаникалык сейил багына жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тактап айтканда, 1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен “Кайнар” […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын 20 миң 497 жараны чет өлкөгө ишке орношкон. Бул тууралуу маалыамат жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун бөлүм башчысы Арслан Байсопуев билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 16 миң 204 жаран өлкөнүн жеке менчик агенттиктери тарабынан ишке орношторулган. Ал эми быйыл февраль айынын соңуна чейин 1 миң […]Читать далее