Социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда “Кыргызнефтегазга” акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, шылуундар өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалма интеллекттин жардамы менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп, элди ишендире тургандай видеолорду жасашууда. “Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат […]Читать далее
Чүй райондук прокуратурасы тарабынан “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдагы “Социалдык инфраструктуралардын объектилерин пайдалануунун мындан аркы шарттарды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын бузуу менен 2006-жылдан баштап 4 жолу колдон колго өтүп […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-20-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. “Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн […]Читать далее
Аскат Алагөзов “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти менен жолукту
Бүгүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын маалыматына караганда, баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болгон. “Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн […]Читать далее
Кечээ, 16-май күнү 20:00 чамасында Бишкек шаарында жаагын жаандын кесепетинен Свердлов районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралып, Жибек-Жолу менен 7- Апрель көчөлөрүн суу каптаган. Жеринде аталган райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 куткаруучусу ТСЖдан 2 кызматкер, МАБдан 2 кызматкер тартылган. Суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган. Ал эми Алматы […]Читать далее
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 16-майда Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы өлкөлөрдүн суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын абалы жана келечеги боюнча маселелер талкууланды. Марат Иманкулов өз сөзүндө калкты жана […]Читать далее
Бүгүн, 17-май күнү Энелердин күнүнө карата өлкөнүн жети дубанынан келген 200дөн ашуун энелердин жөө жүрүшү өтүп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Ак элечек кийген аялдар жөө жүрүштү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүшүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына чейин барышты. Ал жерден Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген кол […]Читать далее
Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар. Бул тууралуу бүгүн борбор калаада өткөн Бош орундар жана кесиптер жарманкесинин алкагында белгилүү болгонун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын […]Читать далее
Баткенде милициянын кенже лейтенанты Урайым уулу Жаңыбай үч эм кыздуу болду Кадамжай РИИБдин “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Урайым уулу Жаңыбай бүгүн 2024-жылдын 15-май күнү 3 эмдүү кыздуу болду. Урайым уулу Жаңыбай 33 жашта. Кыргыз Республикасынын ИИОдо 2016-жылдан бери кызмат өтөп келет. Аялы […]Читать далее
Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан алынган маалыматка ылайык, 2024-жылдын 15-майында Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну сибирь жарасына шектелип ооруканага түшкөн. Ветеринардык кызматтын жана Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери менен биргеликте жогоруда аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган (эт, топурак) азыркы […]Читать далее