Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында прокуратуранын, укук коргоо органдарынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Күн тартибинде башка маселелер менен катар чет элдик жарандардын катышуусунда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу коомдук-саясий абал талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан эл көп чогулган […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында прокуратуранын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын аймактык башкармалыктарынын жана Бишкек шаары боюнча ӨКМнын, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык кеңешме өттү. Курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, борбор калаанын мэриясынын жана шаардын укук коргоо органдарынын Бишкек […]Читать далее
Чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алуусу үчүн 3 миң доллардан кем эмес каражат төлөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы медициналык билим берген окуу жайларда чет элдик студенттер 3 миң доллардан, ал эми жергиликтүү студенттер 60 миңден кем эмес акча […]Читать далее
Кыргызстандын эл аралык университетинде окуп жаткан 1200 студент мекенине кайтты. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын ректору Асылбек Айдаралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган университетте жалпысынан 3 миңдей чет элдик студент билим алат. “18-майга караган түнү болгон окуядан кийин биздин университетте окуп жаткан 1200 студент өз өлкөсүнө кетти, алардын 90 пайызы […]Читать далее
Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Төрагасы болуп 2024-жылдын 21-майынан тартып, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде бүгүн, 20-майда саат 11:10до очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 148 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Кыргызстандын Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Көч айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга жеткен.Читать далее
2024-жылдын төрт айында 451 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акылары боюнча кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди. Москва жана Иркутск облустарында жана Красноярск аймагында иштеген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 660 200 рублди […]Читать далее
Кыргызстанда 13-майдан 19-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 779 жол эрежесн бузуу фактысы катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 327; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 210; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 54; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — […]Читать далее
Ош областынын прокуратура органдары тарабынан Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык контракттын негизинде берилүүчү социалдык жардамдардын, ошондой эле жөлөкпулдардын чегерилүүсүнүн мыйзамдуулугуна карата текшерүүлөр уюштурулуп, жыйынтыгы менен одоно бузуулар аныкталган. Жогоруда аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлгөн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтү эмгек, социалдык […]Читать далее
Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет өлкөлүк турист аял куткарылды. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан маалымдашты. Кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн райондук ӨКБнын 4 куткаруучусу чыгышкан. Куткаруучулар тоодо жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Андан соң […]Читать далее