Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды акысыз бере баштады. Ведомстводон билдиришкендей, 32 миң ККМди берүү этабы менен жүргүзүлөт. ККМди акысыз берүү аларды ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ишке […]Читать далее
Бишкек шаарында 2024-жылдын 3-июнунан 28-июнуна чейин борбордун 37 мектебинде 4275 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулат. Эскерте кетсек, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Кошумчалай кетсек, июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары берметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат. Ошондой эле шаарда […]Читать далее
УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан максаттуу иштердин жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында муниципалдык жер участогун төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алуу жана алдын ала макулдашуу боюнча жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто […]Читать далее
Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Белгнилей кетсек, буга чейин Чыгыш автобекетинин имараты Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди. “Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. “,- деп айтылат […]Читать далее
Бишкек шаарында керектөөчүлөргө ысык суу 2024-жылдын 1-июнунан тарта бериле баштайт. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтан тастыкташты. Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Суу биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Ысык суу берүүдө маселе жаралса төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот: Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев кыргыз делегациясынын Куала-Лумпур (Малайзия) шаарындагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышуусунун алкагында Малайзиянын Борбордук банкынын Төрагасынын орун басары Аднан Зайнали менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк чөйрөсүндөгү кыргыз-малайзия кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле мурда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Малайзиянын Улуттук банкынын […]Читать далее
Борбор калаанын базарларына жана эт күркөлөрүнө социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иш-чаралар сатылып жаткан азыктардын санитардык ченемдерин сактоо жана малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган. Рейддин жүрүшүндө Октябрь районундагы Орто-Сай базарында айрым мыйзам бузуулар менен эт […]Читать далее
Муратбек Азымбакиев Куала-Лумпурдагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев баштаган өкмөттүк делегация 28-29-майда Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышууда. Форумдун ачылышында 28-майда, Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим, Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Мухаммад Сулейман Аль Жассер жана Бүткүл дүйнөлүк банктын улук башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбург сөз сүйлөштү. Муратбек Азымбакиев […]Читать далее
2024-жылдын 28-майында Бишкекте балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эффективдүү стратегиялары боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара биринчи айым Айгүл Жапарованын, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, ДССУнун эл аралык эксперттеринин, ошондой эле балдар онкологиясы тармагындагы алдыңкы адистердин катышуусунда өттү. Иш-чаранын максаты балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө улуттук жана эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирүү. Балдар онкологиясынын актуалдуу […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө конкурс жарыялайт. Конкурска 19дан 30 жашка чейинки жалпы орто билимге ээ болгон айдоочулук күбөлүгүнүн В менен С категориясы бар болгон жарандар талапкер боло алат. […]Читать далее