Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын 1-июлуна карата 7 млн 337 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн калкы 55,6 миң адамга, же 0,8 пайызга көбөйдү. 2025-жылдын алгачкы алты айында Жарандык абалдын актыларын каттоо меекемелеринде 65 миң жаңы төрөлгөн бала катталган, бул 1000 адамга 17,9 түзөт (салыштыруу […]Читать далее
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди. Өлкө башчысынын пикиринде, президенттердин жолугушуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышы каралды. Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү […]Читать далее
1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин 3410 айдоочуга унаасын камсыздандырбаганы үчүн айып салынып, тийиштүү протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, бул иштер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан унааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып аткарылып жатат. Полис албагандардын […]Читать далее
Бишкекте жол оңдоо иштерин тездетүү жана 20-октябрга чейин толук бүтүрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдорду кыдырганга билдиргенин муниципалитеттен кабарлашты. Мэриянын маалыматы боюнча, бир катар көчөлөрдөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди: – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилиши; – Дэн Сяопин проспекти менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши; – Сельповская көчөсү Дэн Сяопин […]Читать далее
Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.Читать далее
2025-жылдын алгачкы жети айында 2 миллионго жакын Өзбекстандын жараны Кыргызстанга турист катары барган. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады. Бул мезгилде жалпы 4,3 млн өзбекстандыктар чет өлкөгө саякатка чыккан, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 28% түздү. Эң көп сапарлар коңшу өлкөлөргө жасалды: Кыргызстан – 1 918 904, Казакстан – 799 429, Тажикстан – 754 123 […]Читать далее
Бишкекте жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуу жайдын курулушу кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайдын курулуш иштерин текшерди. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Россиянын аймында Кыргызстандын 377 миң жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Россия аймагында Кыргызстандын жарандары менен түзүлгөн жалпы эмгек келишимдердин саны 600 миңден ашык. “Жарандар менен келишимдердин ортосундагы айырмачылыктын себеби, бир жаранда эки же андан көп эмгек келишими болушу мүмкүн. Негизинен Россияда мыйзамдар […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарындагы Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтүп жатат. Ага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Марат Тагаев, Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева, ошондой эле эки өлкөнүн жаштары катышууда. Форум Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө, маалыматтык технологиялар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашууга […]Читать далее
“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды. “Көргөзмөнүн максаты – улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү”, – […]Читать далее