Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштерин баштады. Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады. Имарат план боюнча тик бурчтуу формада болот, эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт. Комплексте төмөнкүдөй жайлар каралган: […]Читать далее
Бишкек мэриясында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды. Нуржан Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет. Алсак, «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын паркын […]Читать далее
Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт. Белгиленгендей, жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитарды жардам […]Читать далее
Бишкекте үлүш ээлеринин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн шалаакылык кылган куруучу компаниялардын жер тилкелери соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан курулуш компанияларынын ишиндеги мыйзам бузууларды аныктоо, ошондой эле үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана шаар куруу чөйрөсүндө алдамчылык көрүнүштөргө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында шалаакылык […]Читать далее
Бишкектеги мектептерде жайкы лагерлер ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, лагерлер балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана иш менен камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү азайтуу максатында ачылды. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Ак-Босого жаңы конушунда жайгашкан, 200 бала эс ала турган №101 мектептин алдындагы […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу казакстандык ишкер жана “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде, “Братский круг” эл […]Читать далее
Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, […]Читать далее
Кыргызстанда 77 миң 361 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташты. […]Читать далее
Белгилей кетчү жагдай, жөнөкөй арык аркылуу 1 гектар жерди бир күн сугарууга убакыт кетсе, бул жамгырлатып сугаруу системасы менен 8 саатта 3 жарым гектарды сугарса болот. Ошондой эле арык аркылуу 25 гектар жерге кетчү суу менен, жамгырлатып сугаруу системасы колдонулса 100 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бар. Иш-чарага Суу ресурстары кызматынын директору – министрдин орун […]Читать далее