2024-жылдын январь-май айларында 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты. Маалыматка ылайык, анын ичинде май айында 5 114 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 284 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат- калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезеке туруу кызматын ишке киргизгенин маалымдайт. Бул демилге жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Эми “Тундук” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлоруна каалаган убакытка алдын ала онлайн жазыла алышат. Бул узун кезектердин алдын […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргызстандын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Ага […]Читать далее
Поезд Бишкек – 2 бекетинен саат 07:40 мүнөттө жөнөп, Балыкчы бекетине 11:46да жетет, Балыкчыдан кайра 18:12 де чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 22:18де келет. Поездде панорамалык терезе, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар. Балыкчы бекетине чейинки стандарттуу вагондордо бир жүргүнчүнүн жол кире акысы бир чоң жүргүнчүгө […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөк көрсөттү. Ведомстводон маалымдашкандай, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 млн рублди түзгөн. Өкүлчүлүк дагы беш кыргызстандыкка өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 млн рубль өндүрүп берүүгө жардам берди. “Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо үчүн өкүлчүлүктүн кызматкерлери 21 […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтчү “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат. “Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алышат. Бул жылы Курман айт майрамы 16-июнь дем алышка күнгө туура келгендиктен, 17-июнь өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдагы Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилей кетсек, өлкөдө бул майрам эс алуу күнү болуп эсептелет. Муфтияттын маалыматына караганда, 15-июнь ишемби күнү арапа. Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, […]Читать далее
“Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кетип баратабыз. Байкалбаганы менен башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына. Ал белгилегендей, буга чейин жеке инсандыкты тастыктай турган жарандык паспорттон тарта маанилүү документтердин баары чет өлкөлөрдөн, болгондо да, ар кайсы документ ар кайсы өлкөлөрдөн басылып чыгып келген. Бул мамлекетке каржылык […]Читать далее
Марат Иманкулов ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы чакырыктар жана коркунучтар жана аларды нейтралдаштыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болуп, Уюмду мындан ары өркүндөтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды. Марат Иманкулов өз сөзүндө азыркы […]Читать далее