Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 миң 589 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 232; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 176; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. “Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын […]Читать далее
Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда саат 19:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Шибээ, Жар-Башы, Кушчу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан […]Читать далее
Бишкек шаарында көп функционалдуу шаарчаны курууга мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет. Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын директору жана башкалар катышты. Турак жай, автобекет жана автомобиль жыйноочу заводу бар көп функционалдуу базар комплекси Фучик көчөсүнүн батыш тарабында жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолукту. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларга ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде катышуучулар […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2242 га аянтка бакча өсүмдүгү эгилген, анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон эгилген. Бүгүнкү күндө 700 га жерде бакча жыйналып, жалпы дүң жыйым 17500 тоннаны түзүп, гектарынан 250,0 центнерден алынууда, анын ичинен 15929 тонна дарбыз, 1571 тонна коон жыйналды. Азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү […]Читать далее
Чолпон-Атада Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын тууганына катталган 1 га жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, К.Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган. Мындан улам УКМК тарабынан көрүлгөн […]Читать далее
Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 165 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1076 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 470 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Күн мурун Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды. Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка […]Читать далее
Кыргызстанда жаз айларында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу боюнча 32 иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштердин жүрүшүндө 359 миң 803 даана бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Акция Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Токой кызматынын, КР президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн, министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн өздүк курамдарынын, экоактивисттердин, “Жердин балдары” жаштар уюмунун, […]Читать далее