Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жарандардын арыздары боюнча 517 текшерүү ишин жүргүзүп, 2,2 млн сом айып пул салынды. Бүгүнкү күндө бул сумманын 55% иш берүүчүлөр тарабынан төлөнгөн. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылуулары боюнча чоң иштер жасалды. Негизинен, төлөнбөгөн эмгек акыга жана өндүрүштө алган жаракаттарына байланыштуу […]Читать далее
Нарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 8 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Кара-Бүк” участкасындагы жалпы аянты 8 гектарды түзгөн жер тилкеси 2018-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 6 жарандын жеке […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баасы 20 млн сомдон ашык жер тилкесин мамлекетке кайтарыды. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды. Тийиштүү иликтөө иштеринин […]Читать далее
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 741 айыл чарба кооперативи иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын иштеткен жеринин аянты 53127 гектарга барабар, ал эми мүчөлөрүнүн саны 25 миң 670. Анын ичинен: Чүй облусунда – 102 (30097,5 га.); Ысык-Көл облусунда – 65 […]Читать далее
10,5 миң жаран сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштырууга арыз берди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, 2004-жылдын үлгүсүндөгү сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампания 1-июлда башталган. “Сары түстөгү гана ID-карталар алмаштырылууга тийиш. 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык паспорттор алмаштырылбайт. Анткени алар коопсуздуктун бардык талаптарына толук жооп берет. 2004-жылдын сары […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты. Ведомстводон белгилешкендей, аталган гидроагрегатты реконструкциялоо иштери мындан 4 ай мурда башталган. Министрге учурдагы реконструкция жумуштарынын аткарылышы тууралуу реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар маалымат берди. Анын айтымына караганда, 1-гидроагрегатты реконструкциялоо жумуштарынын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган: негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери […]Читать далее
Токмок шаарында 61 млн сомго бааланган жер тилкелери муниципалдык менчикке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 3,8 га болгон 4 жер тилкеси жана Чокморов көчөсүндөгү нан заводунун мурдагы имаратынын айланасындагы жалпы аянты 23,6 […]Читать далее
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын саны өсүүдө . Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. “Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматы боюнча 2024-жылдын биринчи жарымында 30 миң 634 талапкер теориялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң кишиге көп. Былтыр 26 миң 307 талапкер […]Читать далее
Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан Кыргызстандан накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгаруу каналына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу Кытай жараны кармалды. Аталган жаран “Достук автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын […]Читать далее
Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет. “Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да […]Читать далее