Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында “Хан Жантай” атындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук аянтча Чым-Коргон айылынын тургуну милициянын полковниги, ардагер Бабан Сыдыгалиевдин демөөрчүлүгү менен курулуп, аянтча айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Ачылыш аземге Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, ардагерлер, Кемин райондук администрация башчысынын биринчи орун басары жана […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен: – героин – 33 кг 092 гр; – апийим – 7 кг. 730 гр; – гашиш – 92 кг 108 гр. – марихуана – 65 кг 143 гр. – каннабистин […]Читать далее
Баткенде баасы 130 миң сомду түзгөн арыктатуучу чайды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында А.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда Кытайда жасалган кандагы кантты жана салмакты түшүрүүчү чай жана КЭР жаранынын наамына таандык документтер табылган. […]Читать далее
Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны иретке келтирүү жана мыйзамсыз жеңил объектилерди алуу иштерин улантууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, инспекция 12-кичирайондо мыйзамсыз орнотулган «Огород» дүкөнүн демонтаждоо иштерин баштады. Мындан тышкары, Түштүк-2 кичирайонунда 5 күркө алып салынды. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган «Алтын-Көл» дүкөнү алынып, 55 чарчы метр муниципалдык аймак […]Читать далее
Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө пенсиялык реформа жыйынтыкталды. “Документтерди макулдашууга тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлгөн. Глобалдык өзгөртүүлөр жок, пенсиялык курак мурдагыдай эле калат. Реформада бир гана пенсия алуу үчүн документтерди чогултууну жеңилдетүү каралды”, – деди ал. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 728 […]Читать далее
2022-жылы 23-июлда Кыргызстандын Казакстандагы укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы Шанхай базарында иштеген мекендештер менен жолугушту. Мекендештер менен болгон жолугушууда, Элчи Д.Дюшекеев Казакстан Республикасында иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстандан текстиль продукциясын эспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү маселесин талкуулады. Ошондой эле Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандарыныны достугун жана биримдигин […]Читать далее
Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуп жаткан участогунда, тактап айтканда Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган. Бул табылган коргондор маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан археологиянын эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объекттери катары аныкталган. Аталган объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өзүнө алып, […]Читать далее
Чүй районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн, 26-июлда издөө иштери улантылат. Эскерте кетсек, 21-июлда Чүй районунда Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган […]Читать далее
Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1 өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн, бастырманын 70 чарчы метр чатыры жана […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкө аймагында 26-28-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталарын эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…+41, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө +37…+42, тоо этектеринде +34…+39, Суусамыр өрөөнүндө +27…+32, Ысык-Көл ойдуңунда +29…+34, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында +31…+36, тоолуу райондордо +24…+29, бийик тоолордо […]Читать далее