2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 5-январына чейин 13 миң 685 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 436; Мас абалында унаа башкаруу – 312; Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58; Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 150; Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо […]Читать далее
Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Россия жана Казакстандын Мексикадагы элчиликтеринин көмөгү менен кыргызстандыкты издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү. Маалыматтар боюнча, изделип жаткан […]Читать далее
ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эс алуу күндөрү Бишкек шаарынан сырткары “Чуңкурчак”, “Кашка-Суу” өңдүү жана башка лыжа базаларына чыккан унаалардын болжолдуу саны 2-январь күнү 2600дөн ашкан. Азыркы учурда бул унаалардын баары шаарды көздөй келе жаткандыктан, жол тескөөчүлөрү шаарга кире бериш жерлерде жол тыгындарын жөнгө салышып, жол тыгындарына жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш […]Читать далее
Кыргызстанда “Түндүк” тиркемеси аркылуу 171 кызмат жеткиликтүү болуп, 33 жаңы санариптик онлайн-кызматтар ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылы “Түндүк” системасы аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлгөн. “Жарандар Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу 2024-жылы эле 16 млн кызмат алышты. Бул мамлекетке жана жарандарга 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом […]Читать далее
Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтынан 1,5 тонна таштанды чыгарылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандынын көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыркы жаңы жылды майрамдоодон кийин мындан үч эсеге көп – 5 тонна таштанды чогултулган. Аянтты тазалоого бул ирет “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана 6 атайын техникасы тартылды. Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтына 20 […]Читать далее
Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол инспекторлору Жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Учурда да бул иштерди улантууда. Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 2 миңден ашуун айдоочулар аныкталды. Алардын ичинен: – Мас абалында унаа башкарган […]Читать далее
Кыргызстанда бир суткада 322 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматы боюнча, жарыкка келген ымыркайлардын 170и эркек, 152си кыз. Алардын арасында эгиздер жок. Жыл жаңырганда саат 00:01де Бишкектеги Перинаталдык борбордо 3100 грамм салмакта эркек бала төрөлдү. Ушул эле убакта Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик-практикалык борборунда 2930 грамм салмакта кыз жарык дүйнөгө […]Читать далее
Кыргызстанда Жаңы жыл майрамы тынч өтүп, олуттуу окуялар катталган жок. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүүдө. Турак жайларда, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул локациялардын жанында […]Читать далее
Жаңы жыл майрамынын астында 30-декабрдан 31-декабрга караган түнү өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 2 184 айдоочулар аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 55 айдоочу; тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 64 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган 467 айдоочу; каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 31 […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 23-декабрынан 29-декабрына чейин 17 миң 447 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 500; мас абалында унаа башкаруу – 293; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 69; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 402; унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее