Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Россия президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, достук алакаларды бекемдөөнү, ошондой эле өлкөлөр аралык маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Мамкатчы белгилегендей, Михаил Швыдкойдун сапары жаңырган жылдагы эки тараптуу мамилелердин маанилүү окуясы болуп саналат. Ал Кыргызстан менен Россиянын […]Читать далее
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, жаңы министрлик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш өнөр жайы тармагындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлдү. Министрликтин түзүлүшү курулуш секторунун экономикадагы […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен өлкөдө маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду. Ведомстводон маалымдашкандай, аларга 150 миң сом өлчөмүндө атайын сыйлыктар тапшырылды. Маданият министри Алтынбек Максутов бул колдоо жыл сайын өткөрүлөрүн жана тандоо критерийлери жакшыртыларын белгиледи. “Биздин максат – маданият жана спорт мекемелеринин арасында атаандаштыкты күчөтүп, жогорку […]Читать далее
“Чакан ГЭС” ААКка таандык Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда туунду туннель төшөлүп, ГЭСтин пайдулабы казылып, кирүүчү жолдору курулууда, ошондой эле биринчи гидроэнергетикалык жабдуулар жеткирилди. Буга чейин куруучулар үчүн шаарча, курулуш материалдарын сактоо үчүн кампалар, бетон даярдоо түйүндөрү, компенсатордук курулуштар жана электр камсыздоо системалары тургузулган. Ошондой эле топурактын урашын алдын алуу максатында бекемдөө […]Читать далее
Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштырууга 6 ай мөөнөт берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдарбек Самыкбаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга Абхазия, Армения жана Россиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. “Аталган жарлыкты ишке ашыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматы – Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мекемеси болуп кайрадан уюштурулду. Ведомстводон маалымдашкандай, кызмат “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө” КР президентинин жарлыгына жана министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, республиканын аймагында эпизоотиялык абалды жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкекте синераларды иштетип, даярдыгын текшерет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөө үчүн эскертет. «ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 10-февралдан 1-мартка чейин борбор калаадагы сиреналар жана үн менен кабарлоо тутумдары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүүнү жүргүзөт», — деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
2024-жылы Кыргызстанда автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 220 миңге жакын келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Тахмина Камчыбекова Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн автоунаа каражаттарынын бардык түрлөрүнө, анын ичинде […]Читать далее
Кыргызстанда социалдык контракттын көлөмүн көбөйтүүнү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, коллегияда министр Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча кеңири баяндама жасады. Анын айтымында, олуттуу долбоорлордун бири – “Социалдык контракт”. […]Читать далее
2024-жылы турмуштук оор кырдаалдан 559 үй-бүлө жана 3482 бала чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2024-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарга туш болгон 6150 бала аныкталган. “Ар бири үчүн алардын бакубаттулугун жана коопсуздугун калыбына келтирүү боюнча […]Читать далее