Ош облусуна караган 88 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаарларда жыйындары өткөрүлүп, Элдик курултайга делегаттар тандалууда. Ош облусунун тургундары “ Элдик курултайга” делегаттарды шайлоого активдүү катышып жатышат. Делегаттарды тандоо жыйындары өткөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлүп, делегаттарды шайлоо жарандардын өз каалоосуна коюлган. Белгилей кетсек, жобого ылайык элдик жыйындарды өткөрүү укугу жергиликтүү кеңештерге берилип, уюштуруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду. Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы […]Читать далее
Өлкөдө жети миллионунчу кыргызстандык жарык дүйнөгө келди. Ымыркай Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөндүгү маалым болду. Статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн. Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш […]Читать далее
Биринчи май акимиаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат. Пилоттук долбоорго ылайык, борбор калаада « Катуу тиричилик калдыктарды (КТК) сорттоо боюнча муниципалдык пункттарын» куруу каралган. Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык ченемдерди эске алуу менен таштандыларды алгачкы сорттоо үчүн Биринчи май районунун аймагында атайын эко-аянтча куруу пландалууда. Пункттун жалпы аянты 80-100 чарчы метрден ашык […]Читать далее
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы курамынын бош (вакант) кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки […]Читать далее
Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты. Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт […]Читать далее
Башкы прокуратура тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркында тармактуу мамлекеттик органдардын адистерин катыштыруу менен текшерүү жүргүзүлүп көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркынын жерлери токой фондусуна караштуу жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талабына ылайык мамлекеттин менчигиндеги жерлер болуп эсептелинет. Ал эми, Кант шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 23 млн 270 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Тергөөдө, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин […]Читать далее
Кант жылуулук берүү ишканасы шаар тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоого толугу менен даяр. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана “Кант жылуулук берүү ишканасынын” башчысы Нурдин Тагаев менен биргеликте Кант шаарын жылуулук менен тейлөөчү от казандарынын кышка даярдыгы менен таанышып чыкты. Кант шаарын жалпысынан 10 от казаны тейлейт. […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 14 миң 354 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен: – ылдамдыкты ашырып айдоо– 3933; – тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 192; – транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4475; – […]Читать далее