Бүгүн, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Сүйүнбек Усенов, өз сөзүндө техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт деди. Күз-кышка карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон […]Читать далее
2023-жылдын 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт. Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.Читать далее
Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө. Бул туралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Рейддин максаты эмгекке тартылган жаш өспүмдөрдү аныктоо, алардын ата-энелерине жана жумуш ордун камсыздап берип жаткан физикалык жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өспүрүм балдар акча табуу, мектепке даярдануу максатында ар кандай жумушка иштеп үй бүлөсүн жана өзүн багууга аракет кылышат. Бирок кээ […]Читать далее
Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 2023-жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.Читать далее
Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирээти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. КРдин Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө жана андагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.Читать далее
13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. […]Читать далее
Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев жана башкы башкармалыктын штаб жетекчиси Нурлан Молдалиев туристик агентстволордун жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда, туристтик мезгил учурунда, чет өлкөдөн келген конокторду тосуп алуу, коопсуздугун камсыздоо жана керектүү учурда сервердик кызматтарды көрсөтүү менен Кыргызтандын керемет жерлерин […]Читать далее
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Соцфондтун басма сөз кызматы маалымдады. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 162 суроо-талап жиберилген, […]Читать далее