Элет элинин көйгөйү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту. Район аймактарынан чогулган тургундар жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер […]Читать далее
Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2009-жылы туулган Н.Т. көзүнөн жаракат алып, 2010-ж.ылы туулган К.С. түтүндүн […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген жана уруксатсыз илинген жарнамаларды алуу иштерин жүргүзүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов 2022-жылдын 23-августунда бекиткен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча (23-августтан 23-сентябрга […]Читать далее
Жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле, шаардыктардын билдирүүсү менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталган. Шаар тургуну З. Ошурбакиева 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү. Кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындай мыйзам бузгандарга КРнын “Бузуу жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды. Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды. Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган. Үстүбүздөгү жылдын мартында завод […]Читать далее
Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү өтмөк жарыктандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарыктандыруу үчүн 1600 метр узундуктагы кабелдик каналдар, 800 метр неон лента жана ушундай эле өлчөмдөгү ВВГ зым колдонулган. Ошондой эле 68 дубал чырагы, 50 сигналдык чырак жана 14 прожектор орнотулган. Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.Читать далее
Сокулук районунда чет элдик жаран учакта акча уурдап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБке арыз менен Россия мамлекетинин жараны П.И. кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү Бишкек-Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар 6700 АКШ доллар акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган окуя боюнча Сокулук […]Читать далее
Бүгүн, 12-сентябрда Кочкор райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кабарлашты. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Нарын облустук жана Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарада башкы Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады. Садыр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кече, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акылары көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи. «Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу […]Читать далее