2-июлдан – “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын 2-этабы башталгандан тартып, жарандар “Салык чек” тиркемеси аркылуу 972 млн сомдон ашык суммага кассалык чектерди сканерден өткөрүштү. Бүгүнкү күнү лотереянын катышуучуларына 2-июлдан тартып сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 860 миңден ашык ID-номер ыйгарылды. Эскерте кетсек, ID-номерлер жумасына 2 жолу: дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 500 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12,6% көбөйгөн. 1 785 621 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 714 901 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн. Жарым жыл ичинде 19 493 каттам ишке ашырылды – бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2,5% […]Читать далее
2023-жылы социалдык келишимдин алкагында өлкө боюнча 1289 жаңы өндүрүш объектилери ачылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы мамлекет менен келишим түзгөн 9930 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 13%ы чакан өндүрүш ачкан. Үй-бүлөлөр мамлекеттен алган 100 миң сомго төмөндөгү өндүрүш ишканалары ачылды: • 1183 – тигүү цехтери, ошондой эле курак техникасын, түрдүү саймаларды, […]Читать далее
2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30% га көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда өтүп жаткан “протездик-ортопедиялык тармак үчүн заманбап чечимдер жана технологиялар” эл аралык конференциясында билдирди. Конференция Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан “МЕТИЗ өндүрүш” ЖЧКнын колдоосу менен уюштурулуп, 15 өлкөдөн: Германия, Россия, Түштүк Корея, […]Читать далее
Ош шаарында «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын алкагында Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интеллектуалдык-инновациялык борборунда, Т.Сатылганов атындагы сейил багы, “Сулайман-Тоо” музейи, шаардын спорттук аянтчаларында жана “Дельфин” бассейининде 13-15 жаштагы беш жүз балага ылайык жайкы лагерь жана ийримдер уюштурулууда. Уюштуруучулар тарабынан жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү максатында кызыктуу программалар даярдалган. Анын […]Читать далее
Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Эс алуу жайларын атай кетсек “Ак-Бермет” , “Рахат”, “Алтын-Көл”, “Элинг”, “Евразия” жана ден-соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды. 17-июлда 115 […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунан тартып “Ак-Булак Плюс”, “Ак-Жалга”, “Жайыл Милк”, “Ала-Тоо сүт” сүттү кайра иштетүүчү ишканалары сүт азыктарын Россия Федерациясына экспорттоп баштады. Бүгүнкү күндө, Өзбекстандын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргызстандын 75 ишканасы берилип, 36 ишкана каттоодон өттү, анын ичинен 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын экспорттоодо. Алсак, 2023-жылдын 6 айында 34 975 200 тонна сүт азыктары […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38774 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы июнь айында 4583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Шакиев Жыргалбек Тургунбекович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее