Борбор калаада Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу жана Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнча шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун орун басарлары жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилери менен жолугушуусу өттү. Мэр стратегиялык документти иштеп чыгууда инженердик коммуникацияларды жайгаштыруу, экологиялык аспектилерди эске алуу, өндүрүштүк жана коомдук аймактардын жайгашуусун кайра карап чыгуу, жашылдандыруунун балансын сактоо […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын шарттарына ылайык, байгелер ойнотулуучу күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат. Бирок лотереянын катышуучулары кассалык чектерди сканерлей алышат. 26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда сизге башкы байгени утууга көбүүрөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылат. 26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук […]Читать далее
2023-жылдагы Курман айт намазы 28-июнь күнү Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски Ала-Тоо) окулуп, таңкы саат 06:00 дѳ башталмакчы. Айт намаздын программасы: 06:00-07:00 – Дин аалымдарынын баяндамасы; 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы; 07:30 – Айт намаз.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-июнда Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтѳрдүн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү салтанатына катышты. Жаш офицерлерди жашоосундагы маанилүү учур менен куттуктоо үчүн Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Куралдуу Күчтѳрдүн ардагерлери жана башкалар да келишти. Бүтүрүүчүлѳр оркестр маршынын коштоосунда […]Читать далее
Өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелери эскертилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма-сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Ынтымак 2” сейилдөөчү жайында эс алып жүргөн жарандарга жол кыймылынын эрежелерин эскертип, жол кырсыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда, өлкө аймагында катталып жаткан жол кырсыктары, анын келип чыгуу себептери боюнча атайын даярдалган видео тасма коюлуп, […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Авто бекеттерге барып, шаар ичи жана алыскы аймактарга каттаган маршурттук унаалардын айдаачуларына жана фирма жектекчилерине жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББдин басма сөз кызматы маалымдады. Анда, алыскы аймактарга каттаган таксилер кардарларды алууда жол жээктерине баш аламан токтотушуп, башка жол кыймылынын эрежелерине тоскоолдуктарды жаратуу менен жол эрежелерин одоно бузууда. […]Читать далее
Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылдын 15-июлунан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Кыргызстан менен Азербайжандын борборлорун бириктирип, Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарунуу пландаштырууда. Каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.Читать далее
Ош облусунун Алай районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел кирген турак үйлөрдүн короолорун тазалоого бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:30да Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды. 21-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл өкмөтүнүн Терек айылында (Кызыл жана Алтын-Кен тилкелери) сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын (анын ичинен 4 […]Читать далее
Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош областык Төлөйкөн Ат майданынын” капиталдык оңдоп түзөө жана реконструкция жумуштары башталды. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош областык Төлөйкөн Ат майданынын” капиталдык оңдоп түзөө жана реконструкция жумуштары жүрүп […]Читать далее
КР Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:51де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее