Бүгүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Tunduk” мобилдик тиркемесинде жаңы кызматын көрсөтүштү. Эми “Tunduk” мобилдик тиркемеси аркылуу балаңызды мектепке киргизе аласыз. Кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетип, ата-эне баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде эле смартфонунан каттай алат. Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт: 1-этап – 2025-жылдын 2-июнуна чейин. Бул […]Читать далее
2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү. Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө жалпы бузуулардын жана кемчиликтердин суммасы 233 млн 464,6 миң сомду түздү. Аудиттин жүрүшүндө финансылык мыйзам бузуулар, бюджеттин резервдеринин жоготуулары, каражаттарды рационалдуу пайдаланбоо жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуулар катталган. […]Читать далее
Былтыр 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдагы санариптик трансформациясынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда белгилүү болду. Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылы санариптик мамкызматтарды өнүктүрүүдө ийгиликтүү жылдардан болду. 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтө башташты, ал эми “Түндүк” тутумундагы иштетилген транзакциялардын саны 3,53 млрдга жетти. Натыйжада, жарандар 21 […]Читать далее
Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алып коюу фактысы аныкталган. […]Читать далее
Быйылкы жазгы талаа иштерине керектелүүчү 43 миң тонна дизель отуну толугу менен жетиштүү камсыздалган. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, негизинен жазгы талаа иштерине 90 пайыз дизель отуну, 10 пайыздай бензин керектелет. “Жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен жыл башында […]Читать далее
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, “Электрондук нотариат” системасын ККМ тутумуна интеграциялоо санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылды жана нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу […]Читать далее
Өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн саны 26 миңге жакындады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-март айына карата жалпы республика боюнча каттоодон өткөн 5 миңден ашык айыл чарба кооперативдери бар. Анын ичинен азыркы күндө иштеп жаткан 753 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 2025-жылдын 26-28-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын […]Читать далее
Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, автоунаалар рамазандык иш-чара учурунда тапшырылып, ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты. “Иш-чаранын максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, оптималдаштыруу […]Читать далее
Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу пландалууда. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Азамат Жапаров “Кабар” агенттигине билдирди. Ал белгилегендей, туристтерди камсыздандыруу системасы киргизилсе, мамлекеттин рейтинги жогорулайт жана саякат учурунда эс алуучуларга кошумча каржылык кыйынчылыктарды жаратпайт. “Дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде туристтерди камсыздандыруу иштери алдыга жылган. Мындан улам биз Кыргызстанда да туристтерди камсыздандыруу системасын киргизүүнү пландап жатабыз. […]Читать далее