12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен 6400 метр балык уулоочу тор жана желим бөтөлкө, целлофан баштыкчаларынан турган 2505 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти. Түп, Жети-Өгүз району жана Каракол шаарынын аймагындагы көлдүн тилкелерин камтыган жалпы 24 215гектар 76 сотых аянт тазаланды. Учурда көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген […]Читать далее
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жамоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жумушчу топ Абдрахманов көчөсүндө Аул көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жолдогу кемчиликтерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Жол белгилерин чийүү тобу төмөнкү кесилиштерде иштөөдө: – М.Гвардия бульвары – Жибек-Жолу проспектиси; – Махатма Ганди көчөсү – Боталиев көчөсү; – […]Читать далее
“Бишкексууканал” ӨЭБсы сууну бөлүштүрүүнүн жаңы тармактарын куруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. «Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо» Фаза II долбоорунун алкагында канализациялык коллекторду куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Тазалоо курулмаларынын кабыл алуу камерасынан Фучик көчөсү менен Ленская көчөсүнүн кесилишине чейин канализациянын оргутуучу өткөрмө түтүгүн […]Читать далее
Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Кызыл-Аскердеги Сельсоветская көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп келди. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү 2023-жылдын июль айына белгиленген. Кыдыруунун жүрүшүндө «Нак Строй» ЖЧКсынын подряддык уюмунун өкүлү район башчысына №1 ҮМБнын имаратынын курулушунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелер боюнча маалымат берди. Курулуп […]Читать далее
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров КЭР грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы” (3-фаза) долбоорунун алкагында түйүндөрдү, өтмөктөрдү куруу жана жолдорду бузуу пландалып жаткан жерлерде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрияснын басма сөз кызматы билдирди. Биринчи объект Фучик көчөсү болду, ал жерде эки деңгээлде транспорттук түйүндөрдү куруу пландалууда. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда Сианьдан жаңы каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 27-мартында «Манас» эл аралык аэропортунда Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты. Учуулар Loong Air кытай авиакомпаниясынын 320 учагы аркылуу жумасына 2 жолу – […]Читать далее
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Соттук-эксперттик палатасынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын темасы: «Заманбап шарттарда соттук экспертизанын теориясынын жана практикасынын актуалдуу маселелери. Мамлекеттик эмес (көз карандысыз) соттук-медициналык экспертиза сот адилеттигинин альтернативдүү куралы”. Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жашында дүйнө салды. Асанкул Осмонов 1935-жылдын 1-мартында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. Ал 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөндөн кийин Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо эсепчи болуп эмгектенген. Киевдеги авиациялык техникумду бүтүрүп, Советтик Армиянын […]Читать далее
2023-жылдын 27-марты, абанын температурасынын жогорулашына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу; Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу; Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу 60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусунда […]Читать далее
Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык бараккчасында билдирди. Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. “Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, […]Читать далее