Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, 2024-жылдын 1-январынан тартып […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин баштады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш […]Читать далее
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке 21,5 миллион сомдон ашык салык төлөдү. Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке жалпы суммасы 21 594 777 сом салык төлөгөн. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө бюджетине 15 484 751 сом салык төлөгөн. Жалпысынан компаниянын кирешеси отчеттук мезгилде 148 273 099 миллион сомду түздү. […]Читать далее
Борбор калаада Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде “Шоро” ишканасынын шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды. Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Кызыл лентаны Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды. Мындан тышкары, Эл […]Читать далее
2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалындагы бардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө отказандардын жарактан чыккан тетиктери алмаштырылып, сырдалууда. Бүгүнкү күндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен Талас шаарындагы мазут отуну менен иштеген №1 отканага буу бөлүп чыгаруучу кичи отказан (паровой) орнотулду. Аталган отказан көмүр отуну менен […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери биргеликте шаар ичинде өз билемдик менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жеке менчик ишканаларды текшерүүгө алышты. Анын жүрүшүндө шаар ичинде ишмердүүлүгүн өз билемдик менен жүргүзүп жаткан 33 мекемеде, анын ичинде санитардык түйүндөрдө, тиш дарылоочу кабинеттерде, косметология салондорунда мыйзам бузуулар аныкталып, санитардык ченемдерин жана […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жана Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте шаарда сатылып жаткан коон, дарбыздардын коопсуздугу, аларды сатууда санитардык талаптарынын аткарылышы боюнча ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Текшерүү учурунда жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар атайын жабдык менен текшерилип, жол эрежелерин бузуп, белгиленбеген жерде […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында турмуштук оор кырдаалда турган 3356 бала аныкталган. «Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан балдар, иштеген балдар жана эмгектин эң оор түрлөрүнө тартылган, кароосуз калган, мыйзамга карама-каршы келген, зомбулукка кабылган балдар. Ар бир аныкталган бала үчүн […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 6 ай аралыгында 1 328 821 жүргүнчүнү тейлей алды. Ички авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу 358 708 адамды, эл аралык каттамдарда 970 113 жүргүнчүнү түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 12,2% өстү. Белгиленген мөөнөттө «Манас» эл аралык аэропортунда 11 090 каттам аткарылды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында «МЭА» ААКтын жалпы жүргүнчүлөрүнүн […]Читать далее
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга карата “Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн” мүмкүн болгон экономикалык чаралар көрүлүшү тууралуу маалыматына байланыштуу КР УКМК коомчулукка төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт: АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга […]Читать далее