Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ош –Бишкек унаа жолунун 527 чакырымына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү МАИчинин формасындай атайын макеттер жаңыртылып, орнотулууда. Бул макеттер жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жөө өтмөктөргө орнотулуп, алыстан келе жаткан айдоочуларга жаш өспүрүмдөр бар экендиги боюнча эскертүү берет. Азыркы учурда, мындай макеттер Ноокен районун жолго жакын жайгашкан мектептердин жөө өткөлдөрүнө окуу жылынын башталышына чейин орнотуу […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 12-августунда күндүз жана 13-14-августтарында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөп: 13-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, […]Читать далее
Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында 22 көмүр от казаны отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы тарабынан 6 откананы газ менен жылытууга өткөрүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери аяктап, 12 отканада курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Газ куурлары жоктугуна байланыштуу 4 откана электр жылытууга өткөрүлөт. 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча көгүлтүр отунга 4 501 абонент кошулган. […]Читать далее
«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 2023-жылдын 8-августуна карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат. 1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 842518,0 миң сомго 2008 насыя берилди, анын ичинен: банктар боюнча алганда: – “Айыл Банк” ААК, 474273 миң сомго 1106 насыя; – “РСК Банк” ААК, 368245 миң сомго 902 насыя. 2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы […]Читать далее
Дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Алардын бир ден бир себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол […]Читать далее
Муниципалитет 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясын күтүүдө. Жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек шаарынын калкты тейлөө линиясына чыгат. Ошондой эле, “Zhong Tong Bus” компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет. Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ […]Читать далее
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 80 адамды түзөт, алардан 72 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 8 адам чечимди күтүүдө. Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3676 АКШ долларын түздү.Читать далее
Бүгүн, 11-августта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда расмий ачылды. Алгач Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды. Ачылышка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов катышып, боордош элден келген жаш лидердерди, катышуучуларды Кыргызстандын […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан 2023-жылдын туристтик мезгилинин алкагында ар бир дем алыш күндөрү автобекеттерде жана жолдордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугуп, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында […]Читать далее