Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат: Биринчи этап – укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, […]Читать далее
“Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек […]Читать далее
“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында эми кайтарымсыз каражат 150 миң сомдон бериле баштайт . Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Быйыл бул каражатты 13 миң 334 адам ала алат. “Быйыл инфляцияга […]Читать далее
Кыргызстан жакында алты мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу 31-мартта президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, учурда Африканын Гана жана Намибия өлкөлөрү менен паспорт даярдоо боюнча келишим түзүлгөн. “Кийинки жумада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок, келишимдерге кол коюлмайынча азырынча бул кайсы өлкөлөр экендигин айта албайм. Бул тууралуу паспорт […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына үч жылдын ичинде 85 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бул аралыкта 3 258 кыргызстандык кайрылган. 2022 – жылы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,1 млн рублди түзсө, ушул жылдын биринчи айларында эле 7,8 миллионго […]Читать далее
“Ала-Арча” мамлекеттик паркында иш-чараларды өткөрүп, жаратылышта тамак-аш жасоого тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 1-майдан тартып электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө да тыюу салынаарын кошумчалады. “Жаратылыш паркка 12, 14 орундуу 84 электрокарлар алынды. Эми паркка бир гана электромобилдер кире алат. Азыр […]Читать далее
Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 2025-жылдын 1-майынын тартып электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кызмат” мамлекеттик мекемесинде журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, учурда Иш башкармалык тарабынан сатылып алынган 84 электрокар Бишкекке келген. “Жаратылыш паркка 12, 14 орундуу электрокарлар алынды. Эми паркка бир гана электромобилдер кире алат. […]Читать далее
2025-жылга карата 1 млн 22 миң гектар сугат айдоо жерлерин 4-5 жолу сугаруу үчүн 6,8 млрд куб метр суу берүү пландалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, 20 миң гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулат. Ошондой эле Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан […]Читать далее
“ЭлКат” эл аралык байланыш оператору толугу мамлекеттин менчигине өтүп, 1 млн 200 миң долларга жакын карызын мамлекет төлөп берди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, “ЭлКат” 1994-жылы мамлекеттик-жеке менчик түрүндө негизделип, анда акцияларынын 51 пайызы мамлекетке таандык болгон. Бирок, 2006-2007-жылдардагы мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин үлүшү жоголуп, компания толугу менен жеке […]Читать далее
Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик президент Садыр Жапаровдун “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу башталганын жарыялайт. Легалдаштыруу 1-апрелде башталып, 2025-жылдын 1-октябрында аяктайт. Унааларды мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө легалдаштырууга болот. Бул үчүн унаа ээлери: – Евразия экономикалык биримдигинин шайкештигин баалоо […]Читать далее