Бүгүн, 1-сентябрь Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан Кыргыз-Өзбек чегиндеги “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.И.Манапов, Андижан облусунун губернатору Ш.Абдурахманов, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекетин эки өлкөнүн […]Читать далее
Муниципалитеттин жыйындар залында муниципалдык мүлк, жерди пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында борбор шаар мэриясы менен “Азия Нур Групп” ЖЧКнын ортосунда МЖӨ “Заманбап рынокту куруу”долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга “Бишкекасфальтсервис” МИнин аймагында жайгашкан “Заманбап рынокту куруу” МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”КР мыйзамына ылайык […]Читать далее
Бүгүн окуу жылынын башталышы болгондуктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Республиканын аймагындагы жалпы орто мектептерге бекитилип, мектептин айланасында жол кыймылын жөнгө салууда. Айрыкча мектептерге жакын жайгашкан көчөлөрдө, жол чырактардын астыларында жана жөө өтмөктөрдө окуучулардын коопсуздугу үчүн, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой эле, бүгүн мектептердин айланасында авто унаалардын саны көп болгондуктан, жол тыгындарын болтурбоо үчүн, […]Читать далее
Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Ушуга байланыштуу төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга Мамлекеттик салык кызматы салыкты чакырат. Салыкты банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.Читать далее
Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда. Бул тоннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда. Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман – Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр […]Читать далее
Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарынын башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке катышты. Иш-чара дрондордун шоусу, ошондой эле майрамга арналган театралдаштырылган пролог менен башталды. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү ишмер […]Читать далее
2023-жылдын 31-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы белгиленди. Ала-Тоо аянтында саат 19:00дөн 00:00гө чейин кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштурулду. Шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты. Эмилбек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы Нарын облусунда чоң майрамдык салтанат менен белгиленди. Майрамдык иш чара Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок менен башталып, эгемендүүлүктүн, кыргыз мамлекеттүүлүүгүнүн маани-маңызы ачылып берилди. Андан соң КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Алтынбек Эргешов, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тарабынан облустун элине […]Читать далее
Бүгүн, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу белгиленди. Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган […]Читать далее
Бүгүн, 31- августта Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ага КР финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, чыгармачыл тармактын өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө калаа башчы Эрмат Джумаев […]Читать далее