Муниципалдык инспекция тарабынан эко текшерүү иштери улантылып, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Бир жуманын ичинде «Дем», «Сохо», «Альбатрос», «Бодрость» жана башка жеке чарбалар сыяктуу 20дан ашык мончолорду текшерди. Тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныктала элек. Бирок Ахунбаев көчөсү, 14/2 дарегиндеги “Датка” мончосунун айланасында тазалык эрежелери сакталбаганы катталган. Бул боюнча инспекция тарабынан […]Читать далее
2023-жылга “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорун ишке ашырууга 3 млрд сом каралып, жылдын биринчи кварталында толугу менен каржыланды. Буга кошумча 3,8 млрд сом каралып, үстүбүздөгү жылдын май айында толук каржыланган. Жалпысынан 2023-жылдын 31-августуна карата 6,8 млрд сом каржыланды. Алар: – «РСК Банк» ААКга 2,3 млрд сом; -ААК «Айыл Банк» 4,5 млрд сом. 2023-жылдын 31-августуна карата […]Читать далее
ӨКМге караштуу Өрткө каршы көзөмөлдөө кызматы Ош шаарынын билим берүү мекемелерине бир ай көзөмөл жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарында жана Ош облусунда 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп аныкталды. Мектептерге, бала бакчаларга суу жеңчелерин, түтүктөрүн, өрт өчүрүүчү каражаттарды калыбына келтирүүгө жана башка кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди. Ошондой эле мугалимдер менен […]Читать далее
2023-жылдын жаз айларында “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында токой чарбалар 705,1 мин даана бак-дарактардын көчөттөрүн калктуу конуштарга жашылдандырууга отургузуу үчүн беришти. Токой чарбалардын көчөтканаларында жылына 6 млндон ашуун отургузууга жарактуу бак-дарактардын көчөттөрүнүн 42 түрү өстүрүлөт. Кийинки жылдарга көчөт материалдары менен камсыз кылуу максатында көчөтканалардын себүү бөлүмүндө 11,69 га аянт жерге көчөттөрдүн 20804 кг […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 394,8 миң гектар аянттан дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 2 пайызга аз. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 726 миң тоннага жакын дан жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 33 пайызга аз. Эгиндин көлөмүнүн азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 32 пайызга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында КР УКМК ЧК 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өткөндүгүн маалымдайт. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, […]Читать далее
Кыргызпатент тарабынан Нарын, Жалал-Абад жана Чүй областтарынын мектептеринде робототехника класстары ачылууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) биргелешип жакынкы күндөрдө Нарын шаарынын №8-мектебинде, Чүй областындагы Кайыңды шаарынын №3-мектебинде жана Жалал-Абад шаарынын Балдар чыгармачыл борборунда Робототехника жана санарип-дизайн окутуу борборлору ачылуу алдында турат. Аталган […]Читать далее
Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүздү. Жумушчу топтун курамына Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери кирди. Рейддин алкагында Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы […]Читать далее
Бүгүн, 11-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун өкүлдөрү Бишкек шаарына келди. Чыгармачыл жана илимий интеллегенция өкүлдөрү алгач “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, Куран окулду. Андан соң, меймандарга Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкулдөрүнүн катышуусунда экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, Монополияга каршы […]Читать далее