Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №26 бала бакча ачылды. Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленко көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин аяктады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Бала бакчанын сметалык наркы – шаардык бюджеттен 118 млн сомду […]Читать далее
Нарын шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болушунун 34 жылдыгын белгилөө боюнча жарыяланган 1 айлыктын алкагында шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер жат жазуу жазышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз тилчи мугалимдердин көзөмөлүндө, 200 сөздөн турган текстти жазган кызматкерлердин жат жазуулары кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан текшерилип, грамматикалык катасынан тышкары кол жазмаларына […]Читать далее
Республика боюнча түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын 133үндө жана мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборлорунун 29унда оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Курулуш иштери дээрлик бардык облустарды уланууда. Бул объекттердин айрымдарында оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталып калса, калгандарында учурда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратта ремонт башталат. Эки долбоорлго кошулган башка объекттерде жумуштар тендер процедуралары аяктаган соң […]Читать далее
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча жумуш аяктады. Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Андыктан, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол куруу долбоору токтоп калды деген маалымат чындыкка дал келбейт.Читать далее
Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш өлкө башысы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал маалымдагандай, мамлекет башчысы ар дайым “инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек” деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет. “Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши […]Читать далее
Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө, азыркы учурда айлана тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мектеп 450 орунга ылайыкталып, учурда окуучулар үчүн эмеректер алынып, коюлууда. […]Читать далее
Кыргызстанда 6 айга ун жана буудайды экспорттоого тыюу салынды. КР Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтому кабыл алынды. 6 айга буудай унун жана азык-түлүк буудайын экспорттоого тыюу салынды. Мынлай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынды.Читать далее
Быйылкы жылда калкыбыздын муктаждыгына жалпысынан 1,2 млн тонна көмүр керектелет. Ал үчүн жалпы республика боюнча 549 отун базалары жана көмүр сатуу пункттары ачылат. Жеке компаниялар көмүрдү экспортко чыгаруу максатында ички керектөөчүлөр үчүн бааны көтөрсө, Министрлер кабинети экспортко тыюу салат. Биринчи кезекте көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелер менен калктын көмүргө болгон муктаждыгын камсыздашы керек. Калкты көмүр […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады. 2023-жылдын 21-сентябрынан тарта Орусияда бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгендиги кабарланган. Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн киргизилген. Бирок ЕАЭБ мамлекеттерине анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү болбойт. Биржада күйүүчү майдын баасы жай айынан бери көп жолу өзгөргөн. Эксперттер күйүүчү майдын кымбатташын […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленип, “Алымбек-Датка” этнографиялык борборунда Ош шаарынын мэриясы, ЭлТР телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык концерт өттү. Анын алкагында манасчылар, төкмө акындар, эстрада жылдыздары, бий жана музыкалык топтор кыргыз тилин даңкташып, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулашты. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын […]Читать далее